Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Зарылбек уулу: абактан чыккандарга убактылуу жатакана берилет

© Sputnik / Асель СыдыковаПробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу. Архив
Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошогондорго аталган институт социалдык көмөк көрсөтөрүн айтты.
Зарылбек уулу: абактан чыккандарга убактылуу жатакана берилет
Пробация институту негизинен оор эмес кылмыш кылган жарандар менен иштешет. Ошондой эле соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошогондорго да көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пробация кардарлары жатаканаларга убактылуу жайгаштырылат.
"Эми соттун чечими менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошогондорду убактылуу жатаканаларга жайгаштырабыз. Алардын арасында туруктуу жашаган жери жок, жумуш таап өзүн-өзү каржылаганга жеткенге чейин жашап турганга жайы жоктору да болууда. Ошондой эле бир жерге ишке кирерде да жашаган жеринин дареги керектелет экен. Мына ушундай кыйынчылыктардан улам абактан чыгары менен эле кайра кылмышка аралашып кетпесин деген максатта аларды убактылуу социалдык жатаканаларга жайгаштырып турууну чечтик. Бул аралыкта алар тиешелүү органдардын көзөмөлүндө болуп, жатаканадан эки маал ысык тамак менен камсыздалышат жана туруктуу иш издешет. Мындай аракет бул адамдарды кайрадан абакка түшүп калуу ыктымалдуулугунан коргойт", — деди Зарылбек уулу.
Аткаминер азырынча Бишкек жана Ош шаарларында экиден жатакана ачыларын, алардын бири аялдарга, бири эркектер үчүн болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0