Акча кыймылдап туруусу үчүн баалуу кагаздарга, депозитке же инвестицияга салуу керек. Бул тууралуу Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда 200 миң сомго чейинки аманаттар кепилдик фонду тарабынан коргоого алынган.
"Финансылык сабаттуулукту жакшыртуу максатында сайт ачылып, ар кандай маалыматтык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Учурда каржылык сабаттуулуктун канчалык жакшырганын айтуу оор. Анткени азыр жасалып жаткан иштер натыйжасын келечекте берет. Соңку убакта банктардын депозиттик базасы 180 миллиард сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогорулады. Ошондой эле насыялык капчыктын көлөмү өсүп, кайтарымдуулугу жакшырууда. Мунун баары каржылык сабаттуулук жаатында жасалып жаткан иштердин натыйжа берип жатканын билдирет. Албетте, учурда да акча каражатын өз алдынча сактаган жарандар жок эмес. Ошондуктан жарандарга ар бир сом кыймылдап турушу керектигин белгилеп, депозитке, баалуу кагаздарга же ишкерликке инвестиция салуусун сунуштайт элек. Учурда банк системасы өнүгүп, 200 миң сомго чейинки аманаттарга кепилдик берилүүдө", — деди Теңизбаев.
Ошондой эле ал накталай эмес төлөмдөрдү колдонууга өтүү бул багытта өз жемишин бере турганын кошумчалады.
Жылдан-жылга баңгизатын колдонгон адамдар азаюуда. 2019-жылы 8 448 адам болсо, 2020-жылы 8 300гө түштү. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баңгизатка көз карандылыкты алдын алуу үчүн өспүрүмдөр менен иштеген мугалимдер, ИИМдин тутумундагы инспекторлор чогуу иш жүргүзөт.
"Учурда Африкада трамадол деген психотроптук опиоиддик анальгетик чоң көйгөй жаратууда. Бул ооруну басаңдатуучу каражат багыттуу эмес, кыянаттык менен пайдаланылып жатканы белгилүү. Бизде фармацевтикалык психоактивдүү заттар боюнча көзөмөл күчтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин курамында баңгизаттарды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү боюнча башкармалык бар. Биз алар менен чогуу иш алып баруудабыз. Учурда синтетикалык баңгизаттар интернет аркылуу сатылып, аны ташыган курьерлер, мигранттар болуп калууда. Пандемиядан улам бүт эле баңгизаттар, ок атуучу курал-жарактар, порнография индустриясы, экстремисттик материалдар да интернет аркылуу таркатыла баштады. Бул үчүн программа менен иштеген атайын адистерди ишке тартуу керек. Негизи психоактивдүү, адамдын аң-сезимине таасир этүүчү заттар ооругандарга гана дарыгердин рецеби менен дарыканада сатылат", — деди Шигаев.
Ал баңгизат маселеси жана анын кесепетин чагылдырган чыгарма театрларда коюлганын, баңгизатка каршы демилгеси менен эл көп чогулган жайларда адамдарга түшүндүрүү иштери, спорттук иш-чаралар жүргүзүлүп турарын кошумчалады.
"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы Кыргызстанда жасалат. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2007-жылдан тарта энелерди сыйлоо тартиби өзгөрүп, сыйлыктар "Кыял" ишканасында жасала баштаган.
"1996-жылы мамлекеттик сыйлыктар түптөлгөндөн бери Москва тыйын короосунда (Московский монетный двор — ред.) жасалчу. Учурда алардын 70 пайызын ошол жакка заказ кылабыз. "Ак шумкар", "Манас", "Данакер", "Даңк" медалдары ошол жактан жасалат. Ал эми Кыргызстандын "элдик", "эмгек сиңирген" ардак наамдары жана Ардак грамотанын төш белгилерин Кытайдан жасатабыз. Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы жасалат. Себеби мурда 10 жана андан көп балалууларга берилчү. Кийин талаптар өзгөрүп, жети же андан ашык баласы барларга "Баатыр эне", алты балалууларга "Эне даңкы" наамы бериле баштады. Сыйлануучулар абдан көбөйүп кеткендиктен бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша сыйлыктар "Кыял" ишканасынан жасалууда", — деди Сманбаева.
Ошондой эле ал бардык мамлекеттик сыйлыктар ар түрдүү баалуу металлдардан даярдала турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде кеңейтилген жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.
Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.
"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.
Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.