Сунна медициналык хижама адистеринин ассосиациясынын президенти Бекжан Турабеков

Турабеков: министрлик хижамага уруксат да берген эмес, тыюу да салган жок

(жаңыланган 17:15 26.03.2021)
"Сунна" медициналык хижама адистеринин ассосиациясынын президенти Бекжан Турабеков хижама жасоо боюнча адистер окутулуп жатканын айтты.
Турабеков: министрлик хижамага уруксат да берген эмес, тыюу да салган жок

Хижама араб тилинен алганда "сордуруу" дегенди түшүндүрөт. Бул ыкма менен ар кандай оорулар канды сордуруп алуу жолу аркылуу дарыланат. Хижама ислам дини келгенге чейин эле колдонулуп, медицинанын аталары Гиппократ, Гален китептеринде бул тууралуу жазышкан. Азыркы биз колдонуп жаткан ыкма медициналык хижама деп аталат. Бул тууралуу Бекжан Турабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, хижама жасоодо бир жолу колдонулуучу банка, лезвие жана башка каражаттар колдонулат.

"Хижама тууралуу маалыматтарды PubMed деп аталган медициналык жана биологиялык басылмалардын англис тилиндеги тексттик базасынан, дарыгерлер жана башка саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн веб-ресурс болгон Medscape сыяктуу булактардан алып турабыз. Ошол жактагы изилдөөлөргө таянып, бейтаптарды дарылоо жолдорун үйрөндүк. Бизде санитардык эрежелер жогорку деңгээлде сакталат. Ал эми хижама коронавирус менен адам катуу ооруп турган маалда жасалбайт. Адам аны алдын алуу максатында жана ооруп айыккандан кийин жасаса жакшы натыйжа болорун байкадык. Азыр интернеттеги сиздер көргөн хижама жасаган адамдар биздикине такыр окшошпойт. Алар үйдө, шарты жок бөлмөдө жасашат. Биз адамды толук кароодон өткөрүп, ага жараша канча банка коюлушун белгилейбиз. Хижама баарына эле жасала бербейт. Каршы көрсөтмөсү бар адамдар, оорулар бар. Хижамада адамдын терисинин эң сырткы капиллярындагы кандар чыгарылат. Биринчи ваакум жасалып, андан кийин эпидермис гана бир миллиметрден тилинет. Хижама элдик же альтернативдүү дарылоо ыкмасы катары Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген эмес. Бирок ошону менен бирге бул ыкмага министрлик тарабынан тыюу да салынган эмес. Биз ооруканаларга хижама жасатып кан аркылуу оору жугузуп алып кайрылган адамдар арасында сурамжылоо жүргүздүк. Алар үй шартында жасатканы белгилүү болду. Биз ушундай мыйзамсыз, сертификаты жок иш алып барган адамдарды азайтуу үчүн атайын биримдик түзүп, кесипкөй адистерди окутуудабыз. Биримдик Саламаттык сактоо министрлигине хижаманы альтернативдүү медицина катары кабыл алып, уруксат бериши үчүн кайрылууда", — деди Турабеков.

Ал бейтаптардан алынган кан утилизация жолу менен жок кылынарын, бул үчүн атайым келишим түзүлгөнүн кошумчалады.

Белгилер:
Бекжан Турабеков, хижама, дарылоо, кан
Тема боюнча
Пульмонолог: КРде COVID-19ду дарылоого плазма колдонулбайт
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева

Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

(жаңыланган 23:16 16.04.2021)
Майя Мусаеванын айтымында, өлкөдөгү фармацевтика тармагынын ишин ЕАЭБ принцибине которсок дары рыногу тартипке келип, баа саясаты жөнгө салынат.
Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева билдирди.

Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.

"Өткөөл мезгилди узартуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге муктаждыгын толугураак камсыздоого, ошондой эле каттоо досьелерин уюмдун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр мамлекеттик реестрде 3500дөй дары-дармек катталган. Бирдиктүү стандартка кирсек дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт", — деди Мусаева.

Анын айтымында, эгерде ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык иш алып барсак, дары рыногу тартипке келтирилип, баа саясаты жөнгө салынат.

Мындан тышкары, адис өлкөдөгү фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, адистер окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.

Белгилер:
Майя Мусаева, стандарт, ден соолук, дары, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Новиков дары-дармектин кымбатташына эки фактор таасир этип жатканын айтты
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

(жаңыланган 23:06 16.04.2021)
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.

Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.

"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.

Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.

Белгилер:
искусство, саясат таануучу, музыка, композитор, Муратбек Бегалиев
Тема боюнча
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт