Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сооронбаев: коңурук тарткан адам ар кандай оору менен жабыркайт

© Sputnik / Диля АлымоваПрофессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев
Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев Кыргызстанда жакшы уктай албай коңурук тартып, дем алганы улам токтогон 50 миңдей адам бар экенин билдирди.
Кыйналып уктаган 50 миң адамдын болжолдуу бир пайызы гана дарыгерге кайрылып, каттоодон өтөт. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Сооронбаев: коңурук тарткан адам ар кандай оору менен жабыркайт
Анын айтымында, түндө уктап жаткан учурда дем алуусу улам токтоп калышы адамдын ден соолугунун жакшы эмес экенинин далили.
"Учурда коронавирус инфекциясы жүрүүдө. Түндө уктабаган адамдын иммунитети начар болот. Ооруга чалдыгып калуу коркунучу да бар. Демек, көп оорулар уйку менен түз байланышта. Уйкусуздук жаштар, карылар арасында көп байкалат. Ага өзүбүз күнөөлүүбүз. Маселен, начар уйкунун себептерине көңүл бурсак интернет, гаджет жана башка технологиялар себеп болууда. Көптөр убактысын телефон менен өткөрүп, түрдүү кабарларды алып жатат. Негативдүү маалыматтар да адам уйкусун бузат. Алсак, Кыргызстанда жакшы уктай албай коңурук тартып, дем алганы улам токтогон 50 миңдей адам бар. Алардын болжолдуу бир пайызы гана дарыгерге кайрылып, каттоодон өтөт", — деди Сооронбаев.
Ошондой эле адис айдоочуларга уйкуга тиешелүү оорулары жок экендигин далилдеген дарыгердин текшерүүсү сөзсүз болушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0