Пробация институтунун кардарларын жумушка орноштурууда көп учурда алардын кесиптик билими жок болуп чыгууда. Мунун арты менен ишке кирүү кыйынчылыгы жаралат. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда 600дөй пробация кардары кыска мөөнөттүү окуу курстарынан өтүүгө билдирүүлөрдү калтырышкан.
"Пробация кардарларын жумушка орнотууда алардын эч кандай кесиптик билими жок учурлар көп кездешет. Бул маселени чечүү үчүн биз Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүп, кыска мөөнөттүү окуу курстарынан акысыз билим алуу келишимине жетиштик. Мындан ары аталган министрлик тарабынан жылына 30 орунга квота берилет. Биздин кардарлар бул орундардан пайдаланып, өздөрүнө туура келген багыттар боюнча акысыз окуудан өтүп бир кесиптин ээси боло алышат", — деди Зарылбек уулу.
Ал окуу курстары көбүнесе айдоочулук, курулуш багытындагы кесиптерге багытталарын кошумчалады.
Жылдан-жылга баңгизатын колдонгон адамдар азаюуда. 2019-жылы 8 448 адам болсо, 2020-жылы 8 300гө түштү. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баңгизатка көз карандылыкты алдын алуу үчүн өспүрүмдөр менен иштеген мугалимдер, ИИМдин тутумундагы инспекторлор чогуу иш жүргүзөт.
"Учурда Африкада трамадол деген психотроптук опиоиддик анальгетик чоң көйгөй жаратууда. Бул ооруну басаңдатуучу каражат багыттуу эмес, кыянаттык менен пайдаланылып жатканы белгилүү. Бизде фармацевтикалык психоактивдүү заттар боюнча көзөмөл күчтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин курамында баңгизаттарды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү боюнча башкармалык бар. Биз алар менен чогуу иш алып баруудабыз. Учурда синтетикалык баңгизаттар интернет аркылуу сатылып, аны ташыган курьерлер, мигранттар болуп калууда. Пандемиядан улам бүт эле баңгизаттар, ок атуучу курал-жарактар, порнография индустриясы, экстремисттик материалдар да интернет аркылуу таркатыла баштады. Бул үчүн программа менен иштеген атайын адистерди ишке тартуу керек. Негизи психоактивдүү, адамдын аң-сезимине таасир этүүчү заттар ооругандарга гана дарыгердин рецеби менен дарыканада сатылат", — деди Шигаев.
Ал баңгизат маселеси жана анын кесепетин чагылдырган чыгарма театрларда коюлганын, баңгизатка каршы демилгеси менен эл көп чогулган жайларда адамдарга түшүндүрүү иштери, спорттук иш-чаралар жүргүзүлүп турарын кошумчалады.
"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы Кыргызстанда жасалат. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2007-жылдан тарта энелерди сыйлоо тартиби өзгөрүп, сыйлыктар "Кыял" ишканасында жасала баштаган.
"1996-жылы мамлекеттик сыйлыктар түптөлгөндөн бери Москва тыйын короосунда (Московский монетный двор — ред.) жасалчу. Учурда алардын 70 пайызын ошол жакка заказ кылабыз. "Ак шумкар", "Манас", "Данакер", "Даңк" медалдары ошол жактан жасалат. Ал эми Кыргызстандын "элдик", "эмгек сиңирген" ардак наамдары жана Ардак грамотанын төш белгилерин Кытайдан жасатабыз. Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы жасалат. Себеби мурда 10 жана андан көп балалууларга берилчү. Кийин талаптар өзгөрүп, жети же андан ашык баласы барларга "Баатыр эне", алты балалууларга "Эне даңкы" наамы бериле баштады. Сыйлануучулар абдан көбөйүп кеткендиктен бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша сыйлыктар "Кыял" ишканасынан жасалууда", — деди Сманбаева.
Ошондой эле ал бардык мамлекеттик сыйлыктар ар түрдүү баалуу металлдардан даярдала турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.
Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.
"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.
Анткен менен Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изидөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.
Ал эми Зурдинов өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.