Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева

Сатыбалдиева: хижаманы медицина өнүгө электеги ыкма деп эсептейм

Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева калк арасында хижама арам канды алып чыгат деген түшүнүк бар экенин, кан эч качан арам болбой турганын айтты.

Медицинада хижаманын кайсы бир ооруну айыктырганы боюнча так далил жок. Хижама жасаган борборлордун клиникалык протоколдору барбы, ал эмненин негизинде берилген, лизенция менен иштейби деген бир катар суроолор жаралат. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сатыбалдиева: хижаманы медицина өнүгө электеги ыкма деп эсептейм

Анын айтымында, ДССУнун далили боюнча донордун каны аркылуу ар кандай оорунун жугуу мүмкүнчүлүгү 2-3 пайызды түзөт.

"Хижама жасоодо биринчи маселе — гигиенаны сактоо. Андан кийин коагулограмма — кандын уюганын текшериш керек. Эгер адамдын каны уюбаса, көп кан кетирип алышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, кан аркылуу жугуучу гепатиттин түрлөрү, ВИЧ, СПИД өңдүү оорулар бар. Төртүнчүдөн, аталган ыкма тууралуу медициналык далил. Биздин нормативдик-укуктук документтерде так, даана медициналык кароодон өткөргөндөн кийин адамдын салмагына жараша зыян келтирбегидей кылып кан алынышы керектиги көрсөтүлгөн. Белгилеп кетчү жагдай, биз ден соолугу чың адамдан кан алабыз. Ал эми ооруган адам үчүн бул процесс өтө оор деп айтат элем. Донорлордон алган кан башка адамга куюунун алдында текшерүүдөн өтөт. Ал өтө кымбат турат. ДССУнун далили боюнча, донордун каны аркылуу ар кандай оорулар жугуу тобокелдиги 2-3 пайызды түзөт деген жери бар. Себеби инкубациялык период учурунда айрым илдеттер билинбей калышы ыктымал да. Бул деген абдан татаал жогорку технологиялык жабдуулар менен эки этапта текшерилет. Ал эми анализи таза эмес чыгып калган кандар утилизацияланып, өрттөлөт. Хижамада лезвие, банкалар колдонулуп жатат. Түрдүү оорулар жугуп калуу коркунучу абдан жогору. Андыктан хижаманы медицина өнүгө электе колдонулган ар кандай ооруларды дарылаган ыкма деп эсептейм. Ошондой эле калк арасында хижама арам канды алып чыгат деген түшүнүк бар экен. Кан эч качан арам болбойт. Болгону оорулардан улам организм интоксикация болот да, ал эми кандагы уу заттар көп суюктук ичкенден кийин сыртка чыгат", — деди Сатыбалдиева.

Адис хижама жасаткан адамдар ага ишенгендиктен кандайдыр бир психологиялык таасир болуп, өзүн жакшы сезиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилер:
инфекциялык оору, кан, Айганыш Сатыбалдиева
Тема боюнча
Сатыбалдиева: коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок
Психолог Самат Аалканов

Аалканов: финансылык пирамидалар эч кимге жакшылык алып келбейт

Психолог Самат Аалканов финансылык пирамидага азгырылбоонун психологиялык жолдорун айтып берди.

Финансылык пирамиданы ачык эле адамдарды алдоо катары кабыл алсак болот. Анткени алар баштаганда эле азгыруу методдорун колдонушат. Мындай пикирин Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Аалканов: финансылык пирамидалар эч кимге жакшылык алып келбейт

Анын айтымында, финансылык пирамидада ийгиликке жеткендерге караганда алданып калгандардын саны көп болот.

"Кайсы гана пирамида бизнесин албаңыз, алар ошол тармакта акча табуу абдан жеңил экенин айтышат. Мисалы, белгилүү бир сумманы аларга берип коюп эле акчаңыздын болуп көрбөгөндөй тездикте көбөйөрүн убадалашат. Сизди катарына кошуу үчүн ийгиликке жетип, көп акча таап же кымбат баалуу буюмдарга ээ болуп жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Бирок, тилекке каршы, бул айсбергдин бизге көрүнгөн чокусу гана. Анын түбүндө канчалаган адамдардын каражаты, бир тыйын таппай, тескерисинче, алданып отургандардын көз жашы турат. Биз жашоодо эч нерсе бекер эле келип калбасын түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсеге эмгек жана чынчылдык менен гана жетерибизди билишибиз зарыл. Ошондо биз мындай пирамидаларга азгырылбай калабыз. Ал эми билбей кирип алып белгилүү бир суммада каражат короткон соң түшүнүп калсаңыз, жөн гана аны боло турган чыгым катары кабыл алып, сарсанаа болбой ошол нерседен чыгып кетүүгө аракеттениш керек. Кек сактап, өчөшүп же дагы башка ушундай кадамдарга баруу биринчи кезекте өзүбүз үчүн гана зыян алып келерин унутпашыбыз зарыл", — деди Аалканов.

Ал жеңил акча табуу жолу менен байып кетүүгө аракет жасоо өзүмчүлдүктүн белгиси экенин жана бул психологиялык көз карашта жашоо мыйзамына туура келбестигин кошумчалады.

Белгилер:
азгыруу, психология, бизнес, Пирамида, Самат Аалканов
Тема боюнча
Психолог адамдар эмнеге ушакташарын чечмелеп берди
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтомолог Гүлкайыр Орокчиева

Орокчиева: Бишкекте кене чагып жети адам кайрылды

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтомолог Гүлкайыр Орокчиева кене энцефалитин вакцина сайдырып алдын алса болорун айтты.

Азыркы учурда Бишкекте дарыгерлерге кене чаккан жети адам кайрылды. Былтыр ушул эле мезгилде 15 киши кайрылган эле. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Орокчиева: Бишкекте кене чагып жети адам кайрылды

Анын айтымында, 2010-жылдары энцефалит менен ооругандар көп болуп, өз учурунда толук дарыланбаган жаш бала каза болгон.

"Кене чаккандан кийин адамга үч күндүн ичинде иммуноглобулин сайылат. Анын таасири бир айга жетет. Үч күндөн ашып кетсе ийне сайылбайт, отуз күн дарыгердин көзөмөлүндө болот. Кене чаккандан баштап жетинчи жана онунчу суткада кан тапшырылып, вирустун бар-жогу текшерилет. Эгер адамды чаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7-14 күндүн ичинде булчуң, муундар, баш катуу ооруп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт. Оорунун башталышы сасык тумоого окшоп кетет. Энцефалитти алдын алуу үчүн вакцина алса болот. Кене энцефалитинин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комплекстүү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп турат. Жыл сайын токойчулар, егерлер, чабандар, геолог студенттер жана башка жумушу же окуусу боюнча вирустук кене энцефалитинин очогуна чыккандарга профилактикалык эмдөө жасалат. Вакцина эки ирет бекер сайылат. Эмдөө алган адам тоого 14 күндөн кийин чыгышы керек. Андан соң бир жана үч жылдан кийин ревакцинация жасалат. Ал эми жөнөкөй жарандар жеке клиникаларга кайрылып, акча төлөп эмделе алышат", — деди Орокчиева.

Дарыгер кене энцефалити менен ооругандар бир жыл невропатологдун каттоосуна алынарын кошумчалады.

Белгилер:
вакцина, алдын алуу, энцефалит, кене, Гүлкайыр Орокчиева
Тема боюнча
Кенеден кантип сактануу керектигин терапевт айтып берди
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы