Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров

Өмүров: мыйзамдар ылайыкташса эле электрондук мектепти ачууга даярбыз

(жаңыланган 13:34 30.03.2021)
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Кыргызстанда аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн республикалык деңгээлдеги электрондук мектеп ачыларын айтты.

Министрлик электрондук мектеп ачууну пландоодо. Эгер мыйзамдар ыңгайлаштырылып, депутаттар колдоп берсе, 2021-2022-окуу жылында ишке киргизүүгө даярбыз. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук мектептин окуучуларына 1-класстан тарта 11-класска чейин аталган окуу жайдан билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

"Электрондук мектеп ачуу зарылдыгын пандемия тастыктап койду. Мындан сырткары, өлкөдө эмгек мигранттары көп. Алардын балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар да толук кандуу билим алууга укуктуу. Андыктан алар мектеп программасынан четте калбашы үчүн аралыктан окутуубуз керек. Электрондук мектеп дал ушул көйгөйлөрдү чечет. Аталган билим уясы ачылса кандайдыр бир себептер менен башка мамлекеттерге чыгып жаткан ата-энелер балдарын электрондук мектепке которуп кое алышат. Бала ошол өлкөдө ата-энесинин жанында жүрүп эле аралыктан билим ала берет. Майып балдар да ушундай эле таризде окутулат. Бул мектеп биринчи кезекте үй-бүлөнүн шартына ылайыкташат. Мисалы, бала кайсы бир класстарды электрондук тартипте окуп, башка жылдарын кадимки мектептерден билим алуу менен уланта берсе болот. Ошондой эле чет мамлекетке биротоло көчүп кетип, бирок балдарынын кыргыз тили, тарых сабактарын да окуп туруусун каалаган ата-энелерге да балдарын окутууга уруксат берилет. Алар берки балдардан айырмаланып аттестат эмес, тиешелүү сертификаттарга ээ болушат", — деди Өмүров.

Педагог окуу программасы салттуу билим берген мектептерден айырмаланбай турганын кошумчалады.

Белгилер:
пандемия, билим, мектеп, Нурлан Өмүров
Тема боюнча
Мэрия 4-чейректе Бишкекте кайсы класстар окуй турганын айтты
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

(жаңыланган 11:44 20.04.2021)
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргызстан эки спорттун түрүнөн лизенция алуу ниетинде экендигин айтты.

Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.

"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.

Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
лицензия, Токио, паралимпиада
Тема боюнча
Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги