Айыл чарбасы боюнча консультант Алмазбек Дооронбаев

Дооронбаев: Кыргызстанда жүндүн баасы 2 доллардан ашпай жатат

(жаңыланган 13:37 30.03.2021)
Айыл чарбасы боюнча консультант Алмазбек Дооронбаев уяң жүндүү койдун породасы союз учурунда 10 миллион башты түзгөнүн белгиледи.

 

Уяң жүндүү кой багуу учурда аксап турат. Анткени өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынган эмес. Бул тууралуу Алмазбек Дооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Дооронбаев: Кыргызстанда жүндүн баасы 2 доллардан ашпай жатат

Анын айтымында, учурда жүндүн баасы 70 сомдун тегерегинде болуп жатат.

"Дүйнөдө жуулган жүндүн баасы 8-9 доллар. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч эки доллардан ашпай жатат. Буга чейин Австралия жүн өндүрүү боюнча алдыңкы орунда болсо, азыр Кытай озуп чыкты. Андан тышкары, Кытай эң көп жүн импорттоочу өлкө болуп саналат. Бул өлкө өзү өндүрүп, сырттан ташылып келген жүндү кайра иштетип дүйнөгө экспорттойт. Мурда Кыргызстанда өндүрүлгөн жүн өлкөдө кайра иштетилчү. Учурда мындай мүмкүнчүлүк жок. 2018-2019-жылдары эки миң тоннадан ашык жүн экспорттолсо, 2020-жылы бул көрсөткүч болгону 500 тоннаны араң түздү. Чек аралардын жабылышы, дүйнө жүзүндө экономиканын солгундашынан улам баа дагы түшүп кетти. Бирок өлкөдө кол өнөрчүлөр жүндү сырье катары колдонуучу болуп саналат. Башкача айтканда, ички талап бар. Ошондуктан бул багытта абдан чоң инвестиция салуу зарылдыгы жаралды. Андыктан кайра иштетип, өлкө ичинде эле 10 эсе кымбат сатса болот. Муну мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл", — деди Дооронбаев.

Ошондой эле ал 1997-жылы меринос койду багуу боюнча ири долбоор ишке кирип, бирок натыйжа бербей калганын кошумчалады.

Белгилер:
кайра иштетүү, экспорт, экономика, уяң жүндүү кой
Тема боюнча
Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт
Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын президенти Берик Эгинбаев

Эгинбаев: Кыргызстанда молекулярдык ашканага кызыккандар көбөйдү

Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын президенти Берик Эгинбаев өлкөдө молекулярдык гастрономияга кызыккан ашпозчулардын саны өсүп жатканын айтты.

Кыргызстанда молекулярдык ашкананын кардарлары көп болбогондуктан талап азыраак. Мындай пикирин Берик Эгинбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эгинбаев: Кыргызстанда молекулярдык ашканага кызыккандар көбөйдү

Анын айтымында, молекулярдык ашкананы тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо үчүн абдан көп каражат жумшалат.

"Ар бир продуктунун химиялык, физикалык жактан табигый курамы болот. Ал ар түрдүү жылуулукта өзүнүн түзүлүшүн өзгөртөт. Тажрыйбасы чоң ашпозчулар ашканада жаңы технологияларды пайдаланып, укмуштуу жыйынтыктарды беришет. Мисалы, кадимки эле шорподон ар кандай түстөгү табигый ширелерди кошуп, эмульгаторлорду аралаштырып икра жасайбыз. Эгерде молекулярдык ашкана курам десеңиз көп каражат сарпталат. Азыр ашпозчулардын көбү бул жаңы багыттагы ашкананы жакшы билишет жана кызыга башташты. Бирок аны 100 пайызга колдонушпайт. Учурда 20дан ашык ресторан аталган методду колдонуп жатат. Кыргызстанда молекулярдык ашкананын кардарлары көп болбогондуктан талап азыраак", — деди Эгинбаев.

Ошондой эле адис учурда өлкөдө молекулярдык ашканада жасалган тамактарды гурмандар, дегустаторлор гана көп сурашарын кошумчалады.

Белгилер:
ашкана
Тема боюнча
Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек
№7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Эмил Шаршеналиев

Шаршеналиев: сүт азыктары улгайгандардын ар кандай ооруларына себеп болот

(жаңыланган 20:41 09.04.2021)
№7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Эмил Шаршеналиев пайдалуу деп эсептелген сүт азыктары ар кандай оорулардын өнүгүшүнө түрткү болорун айтты.
Шаршеналиев: сүт азыктары улгайгандардын ар кандай ооруларына себеп болот

Азыр улгайып калган ата, апалардын муундары ооруганына карабай чайга сөзсүз сүт кошуп ичишет. Себеби организм ошого көнүп алган. Бирок бул азыктар атеросклероз, артроз жана сүт безинин рагын пайда кылары аныкталган. Бул тууралуу Эмил Шаршеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чоңдор майлуулугу төмөн сүттү тандоо керек.

"Ден соолуктун бузулушун алдын алуу максатында 3-апрелде акция өткөрүлдү. Анда шаардыктардын кан басымын, кант диабетин, салмагын текшердик. Ошондо адамдардын көбү кан басымы, канты жогору экенин биринчи жолу билгендери болду. Бул адамдар уйкусу начар, дайыма автоунаа менен жүрөрүн, жумушта компьютерде гана отурарын жана аз кыймылдай турганын айтышты. Үйү парктын жанында болсо дагы сейилдебейт, себеби убактысы жок. Ошону менен бирге жеген тамак-ашынын кайсынысы пайдалуу же зыян экенин биле беришпейт. Мисалы, улуу курактагы адамдар үчүн сүт азыктары зыян. Быштакта, каймакта же сырда денеде топтолушу мүмкүн болгон казеин деген зат бар. Ал тамакты жабыштырып, иштетүүнү татаалдаштырат. Табигый эмес сүт азыктарын көп ичүү ар дайым чарчоого, метеоризмге, ич өткөккө, баш ооруга, кан тамырлардын бүтөлүшүнө, атеросклерозго жана артрозго алып келет. Өзүм сүт азыктарынан баш тартканыма үч ай болду, жөтөлүм кетип, муундарым оорубай калганын байкадым", — деди Шаршеналиев.

Адис бирок сүт азыктары балдар үчүн пайдалуу экенин кошумчалады.

Белгилер:
Эмил Шаршеналиев, ден соолук, зыян, сүт азыктары
Тема боюнча
Адам көбүнесе сүт азыктары менен спирт ичимдиктеринен ууланары айтылды
В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова

Бишкекте 14 жаштагы дагы бир өспүрүм кыз жоголду. Сүрөт

(жаңыланган 20:58 10.04.2021)
Кыздын энесинин айтымында, өспүрүм үч күн мурда Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.

Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген. 

В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района Бишкека
Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).

Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.

Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.

Белгилер:
милиция, өспүрүм, Бишкек
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги