Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу

Зарылбек уулу: абактан чыккандар ден соолугун акысыз текшерте алат

Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу эми пробация кардарларынын ден соолугун текшерүү акысыз жүргүзүлөрүн айтты.

Буга чейин биз оор эмес кылмыш жасаган жарандар менен гана иштешип келгенбиз. Эми пенитенционардык жазасын өтөп чыккан, башкача айтканда, жабык абактардан мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар да Пробация институтунун кардары болуп калат. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Зарылбек уулу: абактан чыккандар ден соолугун акысыз текшерте алат

Анын айтымында, пенитенционардык жазасын өтөп чыккан жарандардын ден соолугун акысыз текшерүү боюнча өкмөттүн атайын токтому бекитилет.

"Жабык абактан соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган жарандар да эми Пробация институтунун кардары. Алар алгач бизге каттоого туруп жатканда социалдык картасы түзүлөт. Ошол учурда медициналык көзөмөлдөн акысыз өткөрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Анткени түрмөдөн чыккан адамдын ден соолугун текшерткенге каражаты жок болот, көп учурда жакындары да жок же алардан көмөк ала алышпайт. Андыктан мындай шартта кайрадан кылмыш дүйнөсүнө тартылып кетпеши үчүн аларды жумушка орноштуруп, убактылуу жатаканаларга жайгаштырабыз. Бирок бул үчүн алардын ден соолугу тууралуу маалымат алышыбыз кажет", — деди Зарылбек уулу.

Аткаминер аталган долбоор Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ишке ашарын кошумчалады.

Белгилер:
ден соолук, абак, пробация
Тема боюнча
Оор эмес кылмыш жасаган кыргызстандыктар кандай түзөтүлөт. Видео
Замначальника отдела Государственной судебно-экспертной службы КР Жийдегуль Семенова на радио Sputnik Кыргызстан

Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын Диндик экспертиза башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семёнова сөз менен кылмыш жасоо үч топко бөлүнөрүн айтты.
Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.

"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.

Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.

Белгилер:
Жийдегуль Семенова, талдоо, укук, мыйзам, кеп
Тема боюнча
Бегилерова: адвокаттын телефон сүйлөшүүсүн угууну кысым катары кабыл алабыз
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

(жаңыланган 16:00 14.04.2021)
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстанда ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик ала албай жаткандыгын айтты.
Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.

"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.

Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.

Белгилер:
бизнес, мамлекеттик орган, инвестициялар, коопсуздук, ишкер, Аскар Сыдыков
Тема боюнча
Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кырсык

Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео

(жаңыланган 17:12 14.04.2021)
Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында болгон жол кырсыгынан жаракат алгандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.

"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.

Белгилер:
Торугарт, Нарын, Бишкек, ӨКМ, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Сокулукта Lexus жолдо турган унааны сүзүп, бир адам каза тапты. Видео