Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Откеев: пираттык тасмаларды көзөмөлдөө оңой боло баштады

© Sputnik / Асель СыдыковаКинорежиссёр Сүйүн Откеев
Кинорежиссёр Сүйүн Откеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Кинорежиссёр Сүйүн Откеев интернеттеги пираттык тасмаларды IP дареги аркылуу таап, мыйзам бузгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу көзөмөлдөө оңой боло баштаганын айтты.
Тасмаларды пираттык негизде көчүрүп тараткандарга укук коргоо органдары чара көрөт. Мындай маалыматты Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Откеев: пираттык тасмаларды көзөмөлдөө оңой боло баштады
Анын айтымында, мурда "уурдалган" тасмалар DVD дискке жазылып сатылгандыктан, аларга чара колдонуу татаал болгон.
"Кандайдыр бир канал продукцияны мыйзамсыз чыгаруудан катталуучуларынын көп болгону үчүн коркот. Себеби автор аларга кат жиберсе канал жабылып калат. Социалдык тармактарды да дыкат изилдеп, тасмаларды уруксаты жок, пираттык негизде чыгарбоонун кандайдыр бир жолдорун таптык. Интернетте иштөөнүн жакшы жагы да бар экен. Бардык нерсени көзөмөлдөө оңой болуп жатат. Кайсы бир жеринен ката кетсе, IP дареги аркылуу тапканга мүмкүнчүлүк бар. Укук коргоо органдары менен да сүйлөшүп, чогуу иштешүү аракетин көрүп жатабыз. Алар чоң зыян келтирүүчү иш болсо айткыла, жардам берип, барып кармайбыз дешти. DVD диск саткандарга чара көрүү бир аз кыйын болчу. Жазып чыгарган цехти табуу маселе жаратып келген", — деди Откеев.
Ошондой эле режиссёр автордук укук боюнча маселе дагы көтөрүлө берсе иш өз жолуна түшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0