Дизайнер, мода боюнча бир нече долбоордун автору Замира Молдошева

Молдошева: мода аркылуу аялдарга жасалган зомбулукка көңүл бурдурабыз

Дизайнер, мода боюнча бир нече долбоордун автору Замира Молдошева 1-апрель күнү "БУУ — Аялдар" түзүмүнүн колдоосу менен "Мен зомбулукка каршымын" аталышындагы автордук жогорку мода кечесин өткөрүп жатканын айтты.

"Эгерде ар тармактагы кесипкөй адам коомдо болуп жаткан маселелерге адамдардын көңүлүн бурдуртса, анда биз биргеликте курч социалдык көйгөйлөрдү чече алабыз!" деген ураан менен мода көргөзмөсү даярдалды. Бул тууралуу Замира Молдошева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Молдошева: мода аркылуу аялдарга жасалган зомбулукка көңүл бурдурабыз

Анын айтымында, иш-чаранын максаты — өлкө аялдары үчүн жаңы горизонтторду ачуу, реабилитациялоо, интеграциялоо жана социалдык колдоо көрсөтүү.

"Мурда балким билинбей жүргөндүр, азыр зордук-зомбулук көргөн адамдар көбөйдү. Муну социалдык тармактардан көрүп эле жатабыз. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей, бул көйгөйгө көбүрөөк маани беришибиз керек. Биз канчалык ал тууралуу айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын алсак, бул көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде азаят деп ойлойм. Биздин туугандарыбыз зомбулукка кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан мен кыргызстандык катары өзүмдүн кесибим аркылуу бул маселеге адамдардын көңүлүн бурдургум келди. Көргөзмө эки бөлүктөн туруп, биринчисинде бохо стилиндеги коллекция көрсөтүлөт. Ал эми экинчисинде кеченин негизги коногу болгон өлкөбүздөгү зомбулук көргөн, ар кандай оору менен ооруган, мүмкүнчүлүгү чектелеген 20 айым этникалык стилде тигилген кийимдерди кийип дефилеге чыгышат. Кийимдер өздөрүнө белек катары берилет. Ошондой эле зомбулукка каршы гимн аткарылат", — деди Молдошева.

Дизайнер кечеге келген 300гө жакын адамга иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулукка кабылган адамдардын укук-милдеттери, аны алдын алуу тууралуу социалдык ролик көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Белгилер:
сулуулук, көргөзмө, мода, Замира Молдошева
Тема боюнча
Каада-салт менен айкалышкан футуризм. Кытайда өткөн мода жумалыгынан 14 сүрөт
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева

Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

(жаңыланган 23:16 16.04.2021)
Майя Мусаеванын айтымында, өлкөдөгү фармацевтика тармагынын ишин ЕАЭБ принцибине которсок дары рыногу тартипке келип, баа саясаты жөнгө салынат.
Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева билдирди.

Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.

"Өткөөл мезгилди узартуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге муктаждыгын толугураак камсыздоого, ошондой эле каттоо досьелерин уюмдун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр мамлекеттик реестрде 3500дөй дары-дармек катталган. Бирдиктүү стандартка кирсек дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт", — деди Мусаева.

Анын айтымында, эгерде ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык иш алып барсак, дары рыногу тартипке келтирилип, баа саясаты жөнгө салынат.

Мындан тышкары, адис өлкөдөгү фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, адистер окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.

Белгилер:
Майя Мусаева, стандарт, ден соолук, дары, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Новиков дары-дармектин кымбатташына эки фактор таасир этип жатканын айтты
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

(жаңыланган 23:06 16.04.2021)
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.

Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.

"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.

Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.

Белгилер:
искусство, саясат таануучу, музыка, композитор, Муратбек Бегалиев
Тема боюнча
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт