КРдин эл артисти, клоун, режиссёр жана актёр Кадырбек Таджиев

Таджиев: үч ай Никулин менен иштешкениме бактылуумун

(жаңыланган 12:51 03.04.2021)
КРдин эл артисти, клоун, режиссёр жана актёр Кадырбек Таджиев кичине кезинен эле элди күлдүргөндөн ырахат аларын айтты.
Таджиев: үч ай Никулин менен иштешкениме бактылуумун

Ымыркайлар көбүнчө бакырып, ыйлап төрөлүшсө, мен энемдин курсагынан каткырып күлүп чыккан экенмин. Дарыгерлер мындай өзгөчө көрүнүшкө аябай таң калып, бардыгы менин ата-энеме балаңар юморист, клоун же жөн гана тамашакөй адам болот окшойт деп айтышыптыр. Бул тууралуу Кадырбек Таджиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, клоун үч ай Юрий Никулин менен иштешкен.

"Кичине кезимден бери эле менин тамашаларыма эл күлгөнүнөн ырахат алам. Мага Индия тасмалары жагат. Белгилей кетүүчү нерсе, кумирим Радж Капур жана ага эң жогорку деңгээлде пародия жасай алам. Мектеп окуучусу катары айыл тургундары үчүн күлкүлүү спектаклдерди койдум. Өлкөбүздөгү бир нече ЖОЖдо окудум. "Цирк режиссёру" деген дипломум бар. Кесибимдин артынан толук үч ай Юрий Никулин менен иштешип калганымды эч качан унутпайм. Ал "ыплас адамдардан өч албагыла, жөн гана бактылуу болгула, алар аны көтөрө албайт" дечү эле. Бул адам ар дайым адамдардын жүрөгүндө жашай турган улуу инсан. Мени "мусулманша" деп атайт эле. Анын тамашалар жыйнагын өзүнөн белекке алгам, улам окуп коюп турам. Кудай өзү мага цирк артисти болууну буюрган экен. Цирк менин жашоом. Бир жолу журналисттер кандай жытты жакшы көрөрүмдү сурап калышты. Мага кыктын жыты жагат. Анткени мен өзүмдү жигитовка, клоунадага жана жалпы циркке арнагандыктанбы, бул жыт циркти элестетип турат", — деди Таджиев.

Артист кыргыз цирки 1976-жылдан бери иштеп, азыркыга чейин бир да жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн кошумчалады.

Белгилер:
Кадырбек Таджиев, күлкү, артист, цирк
Тема боюнча
Көрүүчүлөрдүн алдында "мушташа кеткен" цирктеги пилдер. Видео
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

(жаңыланган 11:44 20.04.2021)
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргызстан эки спорттун түрүнөн лизенция алуу ниетинде экендигин айтты.

Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.

"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.

Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
лицензия, Токио, паралимпиада
Тема боюнча
Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл
Бишкекте Жеңиш күнүн майрамдоо. Архив

Бишкекте 9-Май жана Шаар күнү майрамдалбайт

(жаңыланган 15:44 20.04.2021)
Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган. Буга чейин 21-марттагы Нооруз да майрамдалган эмес.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте шаар күнү (29-апрель) жана Жеңиш күнүн (9-май) массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

Ооруканадагы дарыгер. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бишкекте пандемия башталгандан бери 32 миң 649 учур катталды. Өткөн суткада 117 адам жуктурганы аныкталган.

Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, 21-мартта Ноорузга карата бардык майрамдык салтанаттар, массалык майрамдоо токтотулган.

Белгилер:
абал, коронавирус, майрам, Бишкек мэриясы
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады
Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду