Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров жубайлар никеден кийин тапкан мүлк ортодогу менчик болуп эсептелерин айтты.
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши
Тийиштүү документти жок мүлккө 15 жыл бирге жашаган жубайлардын экөө тең ээлик кылууга укуктуу. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, акыркы чечимди сот кабыл алат.
"Мыйзамга ылайык, жубайлар үйлөнүп, никесин каттаткандан кийин тапкан мүлк орток болуп эсетелет. Эгерде анын тийиштүү документтери жок болсо, жубайлардыкы экенин далилдөө зарыл. Кыймылсыз мүлккө ээликти аныктоодо жубайлардын ошол жерде же үйдө канча убакыт жашаганы маанилүү. Анткени тиешелүү документтери жок турак жайда 15 жылдан ашык чогуу түтүн булатып, бүлүндүрбөй, сындырбай, тиешелүү төлөмдөрүн төлөп келишкен болсо, Жарандык кодекстин 265-беренесине ылайык, анын ээси болуу укугун алат. Документтерди ырастоо үчүн сотко кайрылып, доо арыз канааттандырылса мүлктү жайгашкан жердеги кадастрдан каттатуу керек. Болбосо башка укуктук жолдор менен биргеликте табылган мүлк катары катталышы шарт. Мунун баары нике ажырай электе жасалат. Эгерде нике ажыратылгандан кийин жубайлардын бири мүлктү өзүнө каттатып алса, аны бөлүштүрүү үчүн экинчиси сотко кайрылууга укуктуу. Ошол эле учурда ал мүлктүн башка ээси пайда болсо, аны менен да сот аркылуу гана чечилет", — деди Бакиров.
Юрист ар бир окуянын жагдайына жараша бул сунуштар дагы өзгөрүшү ыктымалдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0