Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков

Калыбеков: демөөрчүлөр менен бирикмелердин алакасын бекемдөө зарыл

(жаңыланган 14:48 05.04.2021)
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков чыгармачылыктагы жаштарды өстүрүү үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Жеке демөөрчүлөр менен чыгармачыл союздардын иш алып баруусун өнүктүрүү заман талабы. Мындай пикирин Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Калыбеков: демөөрчүлөр менен бирикмелердин алакасын бекемдөө зарыл

Анын айтымында, Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд байге коюп, жаш акындардын арасында конкурс уюштурууда.

"Чыныбай Турсунбеков кыргыз адабияты, саясатында таасирдүү адам болгон. Анын атындагы фонд жаш акындар үчүн жалпы байге фонду 200 миң сомдук конкурсту каржылоодо. Андан тышкары, Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатына чыгармачыл жаштарды эс алдырып, алардын поэзия жаатында баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул жаш акындар үчүн эргүү болуп берет деген ишенимдебиз. Учурда мамлекеттик даражадагы сыйлыктардын байгеси 100 миң сомго жетүүдө. Башкача айтканда, чыгармачыл журтка мамлекет тарабынан колдоо начар. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө фонддор, уюмдар, PEN-клубдар эле масштабдуу иш-чараларды өткөрүшөт. Мындай тажрыйбаны биз дагы колдонуп, жакшы натыйжаларга жетише алабыз. Бул сынакка 35 жашка чейинки акындар катыша алат. Себеби бул куракка жеткиче чыгармачылыгын көрсөтө албаса, андан көп нерсе күтүүгө болбойт. Конкурстун эң негизги максаты — аты чыга элек, жаш таланттарды сууруп чыгуу. Ошондой эле гран-прини утуп алган акынды Жазуучулар союзуна мүчөлүкө алабыз деп мерчемдеп жатабыз", — деди Калыбеков.

Төрага калыстар тобу өлкөдөгү беделдүү адамдардан түзүлгөнүн белгилеп, конкурс ачык-айкын өтө турганын кошумчалады.

Белгилер:
Нурлан Калыбеков, фонд, адабият, акын
Тема боюнча
Баш байге 100 миң сом. Жаш акындар арасында сынак жарыяланды
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев

Мусаев: мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Тыныстановдун ар тараптуу эмгеги бар

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык өтүп жатканын айтты.

Касым Тыныстановду илимий, саясий, маданий жана коомдук интеллигенциянын өкүлү деп таанышыбыз керек. Анткени ар тараптуу инсан болгон. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Тыныстановдун ар тараптуу эмгеги бар

Анын айтымында, Тыныстановдун 120 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.

"1920-жылдардагы кыргыздын интеллигенциясынын өкүлдөрү катары Ишеналы Арабаев баштаган Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстановду айтсак болот. Мисалы, Жусуп Абдрахмановду "20-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын арстаны" деп келебиз. Ооба, туура, ал киши саясий багыттагы жасаган иштеринен улам ушундай баага татыктуу. Бирок Касым Тыныстанов булардан айырмаланып ар тараптуу адам болгон. Биринчи кезекте аны окумуштуу катары таанысак болот. Саясий, маданий, коомдук ишмердүүлүктү аркалап, өз колу менен зор эмгектерди жасаган жаратман болгон. Ушул жана башка инсандардын эмгегин баалап, кийинки муундарга жайылтуу биздин парзыбыз. Ушундай максатта Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракесинин урматына биздин мекеме атайын конкурс уюштурууда. Анда жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлар жыйын, тегерек стол, кереге кеңеш, конференция сыяктуу иш-чараларды, сынактарды өткөрүүсү шарт", — деди Мусаев.

Ал кыргыз интеллигенциясынын жасап кеткен иштерин жаштарга жеткирүү үчүн билим берүү программаларына кошулушу зарылдыгын белгиледи.

Белгилер:
маараке, конкурс, Касым Тыныстанов
Тема боюнча
Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык жүрүүдө. Шарттары
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: Кыргызстандын илимий даражалары эми ЕАЭБде таанылышы мүмкүн

Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин илимий даражалары уюм ичинде бирдей таанылуусу зарыл экенин айтты.

ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоого даяр турушубуз керек. Анткени Кыргызстандан башка уюмга мүчө-өлкөлөрдө илим кызматкерлеринин маянасы көбүрөөк болгондуктан, жогорку квалификациялуу адистердин өлкөдөн чыгып кетүү коркунучу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жуматаев: Кыргызстандын илимий даражалары эми ЕАЭБде таанылышы мүмкүн

Анын айтымында, биримдиктин алкагында экономиканы эле эмес, илимди дагы интеграциялоо зарыл.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдө илимий даражалардын эки тараптуу таанылуусу боюнча келишим марттын этегинде ЕЭК тарабынан жактырылды. Эми ал кабыл алынуусу шарт. Аталган уюмдун алкагында экономикалык көптөгөн долбоорлор, программалар каралууда. Бирок айрым тоскоолдуктардан улам кээ бирин ишке ашыруу татаал болуп жатат. Ошондуктан ЕЭКтин алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Ал ЕАЭБде кабыл алынган мыйзамдарды илимий жактан талдайт. Натыйжасын чыгарып бергенден кийин гана сунуштар ишке ашырылат. Бул экономиканы эле алдыга коюп, илим, билим жаатын көңүлдөн тыш калтырууга болбостугун билдирет. Чынында илимди интеграциялоо зарылдыгы бар, тобокелчиликтер да жок эмес. Мисалы, жогорку квалификациялуу адистердин жакшы айлык төлөгөн өлкөлөргө агылуу коркунучу бар. Ошол эле учурда илимий даражалардын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдө таанылуусу жаш окумуштуулардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондуктан биз тобокелчиликтерден коркпостон, тескерисинче, ага даяр турушубуз керек. Сыртка чыгып кеткен адистердин ордун толуктоо менен бул кыйнчылыктан чыгып кетүүгө болот. Ал үчүн өлкөдөгү билим берүүнү жакшыртып, илимдин техникалык базасын чыңдоо зарыл", — деди Жуматаев.

Окумуштуу уюмдун алкагында илимий потенциалды теңдөө аракеттери жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

Белгилер:
комиссия, экономика, айлык, интеграция, илим, Евразиялык экономикалык биримдик, Мурат Жуматаев
Тема боюнча
Быйылкы жазда ЕАЭБдин алкагында маанилүү иш-чаралар өтөт
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар