Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы балдар китебинин 177 800 тиражы чыкса, 2020-жылы 395 миң китеп басылган. Ошондо 12 балага бир китеп туура келип жатат. Ал эми жалпы калкты ала турган болсок, үч адамга бир китеп туура келет. Бул тууралуу Бакытбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланы китепке кызыктырыш үчүн чоңдор китеп окушу зарыл.
"Кыргызстанда балдар үчүн саналуу эле жазуучулар жазат. Менин көз карашым боюнча, улуу курактагы жазмакерлер азыркы технологиялык өнүгүүлөрдү эске албай эле эмгек жаратууда. Балдарды китепке кызыктырыш үчүн муну да көз жаздымда калтырбаш керек. Экинчи маселе — чындап эле финансылык колдоонун жоктугу. Мисалы, биздин басма үй 32 беттик "Бакчадагы баламын" деген чыгарманын үстүнөн педагог Чынара Термечикова, сүрөтчү Динара Чокотаева менен эки жыл иштеди. Бул жерде сүрөтчүлөрдүн эмгеги өтө кымбат. Басып чыгара турган болсок, миң даанасы 85 миң сомду түзөт. Ошентсе да спонсорлордун аздыгына, азыркы пандемиядан кийинки экономикалык кырдаалга карабай жылыш бар. Эми китептин маанилүүлүгүнө келсек, кенже курактагы балдар үчүн "катастрофа" деп аталган изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгына ылайык үч жашка чейинки балдарга чоңдордун билимдүүлүгүнүн тийгизген таасири иликтенген. Анда төмөнкү, орто жана жогорку билимдүү үй-бүлөлөр камтылган. Төмөнкү билимдүү адамдардын балдары "нан, чай, суу ичем" деген гана сөздөрдү колдоно алышкан. Ошондой эле жогорку билимдүү ата-эненин балдары көп нерседен кабардар болору белгилүү болгон. Демек, бул балдар мектепке да даяр болуп барып, баарынан алдыда болору анык", — деди Абдуллаев.
Ал эгер бир үй-бүлөдө китеп 80ден аз болсо, анда баланын арифметикадагы, текст окуп түшүнүүдөгү сабаттуулугу төмөн болору аныкталганын кошумчалады.
Айдоо талааларына изилдөөлөрдү жүргүзүп, атайын лабораториялар курулса продукциянын сапатын көзөмөлдөө оңой болот. Мындай пикирин Абдыганы Абдыгапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, дыйкандар органикалык продукцияны көп көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.
"Бизде органика өнүгүшү үчүн ага коюлган туура баа болушу керек. Ошондо табигый продукцияларды өстүргөн дыйкандардын саны да көбөйөт. Мисалы, химикат колдонгон дыйканга салыштырмалуу органикалык өсүмдүк өстүргөндөрдүн түшүмү аз болот. Бирок баасы бирдей жана түйшүгү көп болгондуктан минералдык жер семирткичтерди колдонууга өтөт. Органикалык продукцияны атайын лабораторияларда текшерүү керек. Тилекке каршы, заманбап технологиялык лабораториялар жокко эсе. Дыйкандар органикалык продукцияны ири көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштесе жыйынтык жакшы болот", — деди Абдыгапаров.
Ошондой эле адис айыл чарбасында жер семирткичтерди туура колдонуу дыйкандын ишин бир топ жеңилдетерин кошумчалады.
Англиялык дарыгер Жеймс Паркинсон ооруну изилдеп, илдет тууралуу кагаз бетине жазып чыккан. Ошентип дартка анын ысымы коюлуп калган. Бул тууралуу Кундуз Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, белгисиз себептерден улам Паркинсон илдети менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт.
"Паркинсон оорусу — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу. Башкача айтканда мээнин кайсы бир бөлүгүнүн нейрондорунун өлүшү менен коштолот. Мээдеги нигро субстанция (же кара субстанция) деп аталган бөлүгү дофамин затын бөлүп чыгарат. Ал биздин кыймыл-аракет, эс тутум, маанайга таасир эткен нерв системабыздын эң белгилүү нейротрансмиттеринин бири. Бул зат азайганда Паркинсон оорусу пайда болуп, адамдын кыймыл-аракети бузулат. Бейтап кыймылдай албай, тең салмактуулукту сактай албай калат. Андан тышкары, эс тутум өзгөрүп, деменция (ой калчоонун жайлашы — ред.) байкалат. Паркинсон 1755-1756-жылдардан бери изилденип келгени менен азыркыга чейин оорунун пайда болушунун так себептери белгисиз. Ошентсе да мында генетикалык мутациялар болору аныкталган. Демек, тукум кууйт. Аталган дарт менен 60 жаштан кийинки курактагы, кээде 40 жаштагы адамдар, химиялык заттарды көп пайдалангандар ооруп калат. Илдет Паркинсон оорусу жана паркинсонизм деп да бөлүнөт. Биринчисинде жогоруда аталган белгилер болсо, экинчиси баш сөөк жаракат алганда, инсульттан кийин байкалышы мүмкүн", — деди Карбозова.
Невролог аталган илдетте ырахат нейротрансмити болгон дофамин азайгандыктан, адам суусап туруп суу ичсе, ачка болуп туруп тамак жесе ырахат ала албай турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.