Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадыралиев: бизге туристтер көбүнчө Казакстандан жана Россиядан келишет

© Sputnik / Асель СыдыковаИчки туризм боюнча адис, Destination Jalal-Abad коомдук уюмунун Бишкектеги өкүлү Күлчоро Кадыралиев
Ички туризм боюнча адис, Destination Jalal-Abad коомдук уюмунун Бишкектеги өкүлү Күлчоро Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Ички туризм боюнча адис, Destination Jalal-Abad коомдук уюмунун Бишкектеги өкүлү Күлчоро Кадыралиев туристтер Кыргызстанга көбүнесе Казакстандан жана Россиядан келишерин айтты.
Кадыралиев: бизге туристтер көбүнчө Казакстандан жана Россиядан келишет
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга Германия, Англия, Франция жана Италиядан келсе, Азия континентинен Кытай жана Япониядан туристтер келишет. Мындай маалыматты Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө саясий туруктуулук сакталса туризм тармагы мамлекет бюджетине көп киреше алып келип, чет элдик туристтердин кызыгуусун жаратат.
"Өлкөдө туруктуулук сакталса туризмдин кирешеси көбөйөт. Бизде бул геометриялык прогресс катары байкалып келген. Мисалы, 2005-жылы туризмден түшкөн киреше төмөндөсө, 2007-жылы көтөрүлгөн. 2010-жылы кайрадан саясий кырдаалга байланыштуу ылдыйлап, 2019-жылга чейин көрсөткүч жакшырган. Бирок 2020-жылы пандемия башталып, туризм оор абалга кептелди. Учурда туризмдин кирешеси 4-6 пайызды түзөт. Расмий маалыматтарга таянсак, өлкөгө жылына 1,2 миллион турист келет деп айтылат. Өлкө экономикасынын өнүгүшүнө туризм зор салым кошо алат. Эгерде бизде туруктуулук сакталса, кирешени 12-14 пайызга чыгарсак болот", — деди Кадыралиев.
Ошондой эле адис өлкөдө туризм өнүксө маданият, аң-сезим өнүгөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0