Советтик мезгилде жайыттарды үнөмдүү пайдалануу, чектерин бөлүү, жер которуп малды жаюу, малдын санын көзөмөлдөө иши жүрүп тургандыктан жайлоолор сакталып турган. Мындай маалыматты Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, тоолуу экологиялык системада топурактын катмары жука болуп, өсүмдүктөрдүн тамыры да терең кетпегендиктен тез жабыркайт.
"Жайыттардын бузулуусу орчундуу маселе. Совет мезгилинде жайыттарды үнөмдүү пайдалануу, чектерин бөлүү, жер которуп малды жаюу, малдын санын көзөмөлдөө иши жүрүп келген. Айыл чарба министрлиги бул багытта тиешелүү иштерди алып барып жатса керек. Анткени жайыт комитеттери бар. Бирок ошол эле учурда жайлоолордун жабыркашы көп көйгөйдү жаратат. Тоолуу экосистемада топурактын катмары өтө жука болуп, өсүмдүктөрдүн тамыры терең кетпейт. Себеби табигый шарт ушундай түзүлгөн. Мисалы, ача туяктуу мал топурактын катмарын көп басып, жолдорду салып, өсүмдүктөрдүн жакшы өсүшүнө тоскоолдук жаратат", — деди Донбаева.
Ошондой эле адис токой ресурстары да каралбай, бак-дарактар уруксатсыз кыйылып жатканын кошумчалады.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.
Жылдан-жылга баңгизатын колдонгон адамдар азаюуда. 2019-жылы 8 448 адам болсо, 2020-жылы 8 300гө түштү. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баңгизатка көз карандылыкты алдын алуу үчүн өспүрүмдөр менен иштеген мугалимдер, ИИМдин тутумундагы инспекторлор чогуу иш жүргүзөт.
"Учурда Африкада трамадол деген психотроптук опиоиддик анальгетик чоң көйгөй жаратууда. Бул ооруну басаңдатуучу каражат багыттуу эмес, кыянаттык менен пайдаланылып жатканы белгилүү. Бизде фармацевтикалык психоактивдүү заттар боюнча көзөмөл күчтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин курамында баңгизаттарды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү боюнча башкармалык бар. Биз алар менен чогуу иш алып баруудабыз. Учурда синтетикалык баңгизаттар интернет аркылуу сатылып, аны ташыган курьерлер, мигранттар болуп калууда. Пандемиядан улам бүт эле баңгизаттар, ок атуучу курал-жарактар, порнография индустриясы, экстремисттик материалдар да интернет аркылуу таркатыла баштады. Бул үчүн программа менен иштеген атайын адистерди ишке тартуу керек. Негизи психоактивдүү, адамдын аң-сезимине таасир этүүчү заттар ооругандарга гана дарыгердин рецеби менен дарыканада сатылат", — деди Шигаев.
Ал баңгизат маселеси жана анын кесепетин чагылдырган чыгарма театрларда коюлганын, баңгизатка каршы демилгеси менен эл көп чогулган жайларда адамдарга түшүндүрүү иштери, спорттук иш-чаралар жүргүзүлүп турарын кошумчалады.