Бардык адамдарда аялдык жана эркектик мүнөздөр бар. Аялдарда жумшактык, эмоцияга алдыруу сыяктуу сапаттар көбүрөөк, ал эми катуулук, көкжалдык, эрктүүлүккө окшогон эркектин сапаттары азыраак болсо баланс сакталат. Мырзаларда тескерисинче болуусу зарыл. Бул тууралуу Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушак айтуу адамдагы эң жаман сапаттардын бири болуп эсептелет.
"Ушакка аялдар жакыныраак деген түшүнүк алардын эмоционалдуулугунан улам калыптанып калган. Мисалы, илгери алар балдары менен үйдө отурушкан, тынбай сүйлөшүп турууга, үйрөтүүгө мажбур болушкан. Турмуш-тиричиликтин айынан кошуна аялдар менен баарлашып турушкан. Жыйынтыгында эмоционалдык жактан аял кишилер өнүгүп кеткен. Ал эми эркектер аңчылыкка чыгышкан, ал жерде сүйлөбөй ишарат менен маектешкенге туура келген, кара күчтү, стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылган жумуштарды жасашкан. Мындай учурда сүйлөшүп отуруп алуу максатка ылайык келген эмес. Ошондон улам ушакты аялдар көп айтат деген жоромол калыптанган. Ал эми азыр заман башка. Эркектер да, аялдар да өзгөрдү. Айрым иштерди мырзаларга караганда аялдар жакшы жасаса, кээ бир нерселерде аялга караганда эркектер эмоционалдуу болуп калды. Андыктан азыркы заманда ар бир инсан жеке адамдык сапаттарына жараша ушак айтат же андан алыс болот деп билишибиз керек. Ушак айтуу же адамдын артынан сүйлөө ошол кишинин өзү үчүн зыян алып келет жана эң начар сапат болуп эсептелет", — деди Аалканов.
Ал адамдар бирөөнүн адат, жоругун терс сапат катары баалап, аны сөз кылып жатып өздөрүнө эле зыян алып келген психологиялык чектерди коюп аларын кошумчалады.
Жылдан-жылга баңгизатын колдонгон адамдар азаюуда. 2019-жылы 8 448 адам болсо, 2020-жылы 8 300гө түштү. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баңгизатка көз карандылыкты алдын алуу үчүн өспүрүмдөр менен иштеген мугалимдер, ИИМдин тутумундагы инспекторлор чогуу иш жүргүзөт.
"Учурда Африкада трамадол деген психотроптук опиоиддик анальгетик чоң көйгөй жаратууда. Бул ооруну басаңдатуучу каражат багыттуу эмес, кыянаттык менен пайдаланылып жатканы белгилүү. Бизде фармацевтикалык психоактивдүү заттар боюнча көзөмөл күчтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин курамында баңгизаттарды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү боюнча башкармалык бар. Биз алар менен чогуу иш алып баруудабыз. Учурда синтетикалык баңгизаттар интернет аркылуу сатылып, аны ташыган курьерлер, мигранттар болуп калууда. Пандемиядан улам бүт эле баңгизаттар, ок атуучу курал-жарактар, порнография индустриясы, экстремисттик материалдар да интернет аркылуу таркатыла баштады. Бул үчүн программа менен иштеген атайын адистерди ишке тартуу керек. Негизи психоактивдүү, адамдын аң-сезимине таасир этүүчү заттар ооругандарга гана дарыгердин рецеби менен дарыканада сатылат", — деди Шигаев.
Ал баңгизат маселеси жана анын кесепетин чагылдырган чыгарма театрларда коюлганын, баңгизатка каршы демилгеси менен эл көп чогулган жайларда адамдарга түшүндүрүү иштери, спорттук иш-чаралар жүргүзүлүп турарын кошумчалады.
"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы Кыргызстанда жасалат. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2007-жылдан тарта энелерди сыйлоо тартиби өзгөрүп, сыйлыктар "Кыял" ишканасында жасала баштаган.
"1996-жылы мамлекеттик сыйлыктар түптөлгөндөн бери Москва тыйын короосунда (Московский монетный двор — ред.) жасалчу. Учурда алардын 70 пайызын ошол жакка заказ кылабыз. "Ак шумкар", "Манас", "Данакер", "Даңк" медалдары ошол жактан жасалат. Ал эми Кыргызстандын "элдик", "эмгек сиңирген" ардак наамдары жана Ардак грамотанын төш белгилерин Кытайдан жасатабыз. Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы жасалат. Себеби мурда 10 жана андан көп балалууларга берилчү. Кийин талаптар өзгөрүп, жети же андан ашык баласы барларга "Баатыр эне", алты балалууларга "Эне даңкы" наамы бериле баштады. Сыйлануучулар абдан көбөйүп кеткендиктен бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша сыйлыктар "Кыял" ишканасынан жасалууда", — деди Сманбаева.
Ошондой эле ал бардык мамлекеттик сыйлыктар ар түрдүү баалуу металлдардан даярдала турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.
Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.
"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.
Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.