Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Романов: Пробация департаментинин иши толугу менен электрондоштурулат

© Sputnik / Эркин СадыковЮстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов аталган институттун учурда 5000дей кардары бар экенин айтты.
Романов: Пробация департаментинин иши толугу менен электрондоштурулат
Пробация департаменти бардык аткарып жаткан иштерин ачык-айкын жүргүзүү максатында документтерин толугу менен электрондоштурууда. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдан тарта Башкы прокуратура менен маалымат алмашуу электрондоштурулган.
"Биздин департаменттин түзүлгөнүнө аз гана убакыт болду. Ошого карабай аймактарда 50гө чукул бөлүмүбүз бар. Ал жерлерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен тыгыз иштешебиз. Өзгөчө, чоң шаарларда иш кызуу жүрүүдө. Укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик жана элдин ортосунда кызмат өтөгөн институт катары биздин маалыматтар бардыгы ачык-айкын болуусун максат кылып келебиз. Бул үчүн негизинен документ иштерин электрондоштуруу керек болду. 2020-жылдын декабрында сотко чейинки пробация иштери боюнча документ жүргүзүүнү электрондоштурдук. 2021-жылдын январынан тартып Башкы прокуратура менен Пробация департаментинин иш алып баруусу электрондук форматка өттү. Алдыда аткаруу жана пенитенциардык пробацияны санариптештирүү иштери жүрүп жатат", — деди Романов.
Ал, ошондой эле, пробация кардарларынын чет мамлекетке чыгуусуна чектөө коюу жана уруксат берүү маселелери да автоматташтырылып, бул функция Чек ара кызматынан аталган департаментке өткөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0