Ички туризм боюнча адис, Destination Jalal-Abad коомдук уюмунун Бишкектеги өкүлү Күлчоро Кадыралиев

Кадыралиев: маданиятыбызды өзүбүз өздөштүргөндө гана башкаларга кызыгуу жаратабыз

39
Ички туризм боюнча адис, Destination Jalal-Abad коомдук уюмунун Бишкектеги өкүлү Күлчоро Кадыралиев өзүбүздүн салтыбызды, маданиятыбызды өздөштүрүп, көп мезгил бою муундан-муунга сактай алсак, башка элдерге ошончолук кызыктуу өлкө боло турганыбызды айтты.
Кадыралиев: маданиятыбызды өзүбүз өздөштүргөндө гана башкаларга кызыгуу жаратабыз

Кыргызстанда табияттан сырткаркы негизги ресурстардын бири болгон маданий байлыгыбызды, каадабызды, нарк-насилибизди билишибиз керек. Мындай оюн Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, комплекстүү программалар аркылуу маданиятыбызды жайылтышыбыз зарыл.

"Канчалык өзүбүздүн салтыбызды, маданиятыбызды узак алып жүрө алсак, ошончолук башкаларга кызыктуу өлкө болобуз. Мисалы, тарых китептеринде Египет, Байыркы Грециянын мифологиясы, тарыхы тууралуу айтып келебиз. Алсак, Грецияга барып, пантеондор туралуу жергиликтүү элден сураганда алар  билбесе, бул өлкө бизге дароо кызыксыз болуп калат. Башкача айтканда, өзүнүн тарыхын билбеген эл жана өлкө кызыксыз. Ошол себептен табияттан сырткаркы негизги ресурстарыбыздын бири маданий байлыгыбызды, тарыхыбызды өздөштүрүп, биле жүрүшүбүз керек. Албетте, аны өнүктүрүү үчүн комплекстүү программалар керек", — деди Кадыралиев.

Ошондой эле адис ар бир ата-эне балдарына улуттун тарыхый мурастары тууралуу айта жүрүшү керектигин кошумчалады.

39
Белгилер:
мурас, маданият, туризм, тарых, Күлчоро Кадыралиев
Тема боюнча
Кадыралиев: Кыргызстанда ички туризм өзүн-өзү тааный албаган адамдай
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

116
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

116
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

35
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.

Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.

"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.

35
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, органика
Тема боюнча
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет
Тез жардам кызматкери. Архив

514 кишиден вирус табылып, алты бейтап каза болду. COVID статистикасы

17
(жаңыланган 11:45 15.06.2021)
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 514 кишиден катталып, 367 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 234;
  • Ош шаары – 110;
  • Чүй облусу – 80;
  • Ош облусу – 34;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 17.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 188;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 62;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 20:
  • Баткен облусу – 3.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу - 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 905 адамдын өмүрүн алды.

Стационарларда 2 052 адам дарыланып жатат. Алардын 563ү оор абалда болсо, 100 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

17
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду