Адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова

Бегилерова: адвокаттын телефон сүйлөшүүсүн угууну кысым катары кабыл алабыз

145
Адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова Жазык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр адвокаттардын эле эмес, кардарлардын да жеке коопсуздугуна коркунуч жаратат деген пикирин айтты.
Бегилерова: адвокаттын телефон сүйлөшүүсүн угууну кысым катары кабыл алабыз

Ушул жылдын 19-мартында "Эркин-Тоо" гезитине Жазык кодексиндеги адвокаттардын ишмердүүлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр басылып чыкты. Ага ылайык, эми тергөөчүлөр кардар менен адвокаттын телефон аркылуу сүйлөшүүсүн көзөмөлдөй алат. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жактоочу менен ага кайрылган жарандын телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга уруксатты соттун чечими берет.

"Жазык кодексинин 223-беренеси аркылуу мурда адвокат менен кардардын телефондук сүйлөшүүсү корголуп турчу, тагыраак айтканда, аны тыңшоого салынган тыюу бар болчу. Бул өз кезегинде бизге мыйзамдын негизинде кайрылган адамдын укугун коргоп, сот чечимдери акыйкат болууга түрткү берип турчу. Эми бул берене алып салынды. 2021-жылдын март айында аталган өзгөртүүгө кол коюлуп, мыйзам күчүнө кирди. Бул тергөөчүлөр сотко кайрылып, алардын чечими менен каалаган адвокатынын телефондук сүйлөшүүлөрүн уга берсе болот дегенди түшүндүрөт. Мындай кадамдарды Кыргызстан адвокаттары туура эмес деп баалайбыз. Бул бир гана жактоочунун эмес, ага кайрылган жөнөкөй жарандын да укугун тебелегендик. Адвокаттардын жеке жашоосуна коркунуч жараткан мыйзам. Биз өзүбүз кооптонуп отурсак, кантип кардарларыбыздын укугун коргой алабыз", — деди Бегилерова.

Ал бул өзгөртүүлөр адвокаттардын укук, милдеттери камтылган 54-беренеге карама-каршы келип жаткандыгын кошумчалады.

145
Белгилер:
укук, жаран, мыйзам, адвокат, Мейил Бегилерова
Тема боюнча
Бегилерова: үй сатып аларда Каттоо кызматынан текшертип алгыла
Унаа тетиктерин тандоо боюнча адис Эруланбек Токторбеков

Токторбеков: унаалар жолдун начардыгынан улам көп бузулат

7
(жаңыланган 13:16 08.05.2021)
Унаа тетиктерин тандоо боюнча адис Эруланбек Токторбеков автомобилдерди унаа оңдоочу жайга жолдун начардыгынан улам көп алып келишерин айтты.

Кыргызстандын шартында 2005-жылдан 2010-жылга чейинки жылдары чыккан унаалар көп колдонулгандыктан тетиктерин табуу оңой. Мындай пикирин Эруланбек Токторбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Токторбеков: унаалар жолдун начардыгынан улам көп бузулат

Анын айтымында, кыймылдаткычынын сапатына карап "элдик машина" атка конгон "Хонда Фит", "Тойота Камри", "Хонда Степ" унааларына талап көп болот.

"Айдоочулар автомобилдерин унаа оңдоочу жайга көбүнесе жол маселесинен улам алып келишет. Оң рулдуу автомашиналар көп болгондуктан жол кырсыгына кабылып, тетик издешет. Жолдор талапка жооп бербегени айдоочуларды кыйнайт. Шаардын сыртына көп чыккандар сөзсүз кароого муктаж болуп калышат. Мисалы, популярдуу болгон "Хонда Фит" машинасынын болжол менен бир жылга жетпей негизги тетиктерин алмаштырууга туура келет. Ага байланыштуу Кыргызстанда унаа оңдоочу жерлердин саны көбөйүп баратат. Жаңы чыккан автомашиналар бизде аз. Өлкө шартында 2005-жылдан 2010-жылга чейинки жылдары чыккан унаалар көп колдонулгандыктан тетиктерин табуу оңой", — деди Токторбеков.

Ошондой эле адис Кыргызстанга электромобилдер көп алып келинсе, экологиялык жана экономикалык жактан да утуш болорун кошумчалады.

7
Белгилер:
унаа оңдоочу жай, Эруланбек Токторбеков, электромобиль
Тема боюнча
Чаргынов: электромобилдин чыгымы жөнөкөй унаадан 70 эсе аз болот
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов

Адис соңку жылдары кардын аз жаап жаткан себебин түшүндүрдү

26
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов жаратылыш кубулуштары өз ара байланышта жана бири-биринен көз каранды экенин орус окумуштуусу Василий Докучаев айтканын белгиледи.

Кыргызстанда жайдын аптаптуу болуп, кышкысын кардын аз жаап жатканы глобалдык процесстен көз каранды. Бул тууралуу Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Адис соңку жылдары кардын аз жаап жаткан себебин түшүндүрдү

Анын айтымында, бул көрүнүшкө 1948-жылы негизделген Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору байкоо жүргүзүп келет.

"Докучевдин идеясын негиз кылып академик Андрей Григорьев, Григорий Авсюк жана башкалар "Тянь-Шань физико-географиялык станциясын" түзүшкөн. Ал учурда Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору деп аталып, ошол идеянын тегерегинде институт бүгүнкү күнгө чейин иш алып барууда. Ал идеяга ылайык, Борбор Азияда кышында кардын аз түшүп, жайдын аптаптуу болуп, климатынын өзгөрүшү жалпы глобалдык процесске байланыштуу. Алсак, Гренландия тосмосу кескин эрип, Россиянын түндүгүндөгү суулардын көп өлчөмдө Атлантика океанына куюлушунан улам анын туздуулугу азайып кеткен. Натыйжада муздак суу массасы ылдый түшүп, аралашуу төмөндөгөнүнүн кесепетинен "голд стрим" деген агымдын басаңдашына алып келген. Бул абанын глобалдык ысып кетишинин негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Мындан тышкары, кардын кышында аз түшүп жатышына Сибирь антициклонунан улам нымдуу абанын агымы Борбор Азияга келиши себеп. Мына ушул жана башка себептерден улам глобалдык жылуулуктун таасирин сезип жатабыз. Кургакчылык мурда деле болчу, бирок соңку учурда күчөп жатканы байкалууда", — деди Сатылканов.

Ошондой эле ал бул процесстер өлкөдөгү мөңгүлөрдүн эрип жатышына кыйыр же түз таасирин берип жатканын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

26
Белгилер:
кургакчылык, кар, суу, климат, Рысбек Сатылканов
Тема боюнча
Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев

Кыргызда өлүмдөн да катуу жаза болгон. Бала тарбиялоо жөнүндө кызыктуу маек

42
(жаңыланган 14:51 08.05.2021)
Ар бир улуттун өзгөчөлүгү, менталитети жана өзүнө тийиштүү кулк-мүнөзү болгондой эле бала тарбиялоо жаатында да айырмачылыктары бар.

Тарбия берүү маселеси жана кыргыздар баланы тарбиялоодо эмнеге көңүл бөлүшкөн деген темада кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашкан.

— Баланы тарбиялоо боюнча толгон-токой ойлор, пикирлер бар. Бул психологдор үчүн да популярдуу тема болуп келе жатат. Кыргыз үй-бүлөсүндөгү бала тарбиялоо тууралуу сүйлөшөлүчү. Бизде эмнеге басым жасалган?

— Негизи жашоодо тарбиянын маанилүү орду бар. Менимче, улутту улут катары сактап, баалуулуктарды муундан-муунга мурас кылып берчү эң асыл негиздин бири — бул тарбия. Себеби муундардын ортосундагы байланышты бекемдеп, сапатын жандырбай, наркын жоготпой кийинки муунга өткөрүп берүү маселеси тарбияда жатат. Кийинкилердин баштапкы көчтү улап кетүүчү дарамети да ушуга байланыштуу.

Айтайын дегеним, өмүрдө эки нерсе адамды чоң сыймыкка бөлөйт. Биринчиси, өзүңдөн артык муунду тарбиялаганың. Экинчи маселе, ата-бабадан келе жаткан мурасты тээ тереңине чейин түшүнүп, ошону таанып, сактап, колдон келишинче өркүндөтүп анан урпактарга өткөрүп бергениң. Ушунун баары тарбияга кирет.

Кыргызовед и руководитель фонда Бакдоолот Мелис Мураталиев во время интервью ИА Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев: улутту улут катары сактап, баалуулуктарды муундан-муунга мурас кылып берчү эң асыл негиздин бири — бул тарбия

Адам баласы жашоого көп нерседен кабары жок, сезими курчуй элек алсыз болуп келет. Анан айлана-чөйрөнү көрүп, таасирленип, аны өзүнүн күнүмдүк тиричилигинде колдонушу кадыресе көрүнүш. Чөйрөдөн таасир берүүчү көп нерсени кабыл алуу процессинин өзү тарбия. Муну тереңден кароо керек. Мисалы, кээ бир кылык-жоруктары жаман адамды тарбиясы жок деп коюшат. Бул орундуу же салттуу тарбиясы жок деген мааниде айтылган. Бирок бала тарбиясыз болбойт, жамандыр-жакшыдыр аны чөйрө, күнүмдүк жашоо өзү тарбиялайт. Балага ак-караны таанытуу ата-эненин милдети. Кыргызда улууга урмат, кичүүгө ызаат деген улуу сөз бар. Ызаат дегенди көпчүлүк учурда урмат көрсөтүү сөзү менен тең карап келебиз. Чындап келгенде мааниси бир аз башкача. Азыр бала менен бала болуп, баланын тилинде сүйлөп, баланын көңүлүн карап тарбия берген учурлар абдан көп болуп жатпайбы. Мисалы, кыргыздардын дүйнө таанымында мындай болгон эмес. Кичүүгө ызаат дегени — бала менен бала болбой, ар кыл жагдайга жараша баланы өзүңдүн деңгээлиңе көтөрүү дегенди билдирет. Салт боюнча бизде түндүктү эркек көтөрөт, бирок көчүп жаткан учурда жоого кетип же башка себептер менен үйдө карылуу эркек жок болсо аялдар деле боз үйдү чечип, кайра тиге берген. Бирок эркек жок болсо шарттуу белги катары ырымдап ымыркай же өспүрүм болсо да эркек баланын колун баканга тийгизип туруп, түндүктү аял киши көтөрүп койгон. Бул жерде өспүрүмгө эркек бала катары ызаат көрсөтүлүп, жашоодо ордун эртелеп таанытып "кичинекей болсоң дагы эркек катары үйдө башкы орунда сен турасың" деп келечегине жоопкерчилик артып жатат. Мына ушундай майда-барат турмуштук көрүнүш менен эле тарбиялап, балдарга ызаат көрсөтүп келген. Кыргыздар каада-салт, үрп-адат, жүрүм-турум менен эле баланын да, кыздын да ордун көрсөтүшкөн. Бүгүн тарбияны мектепке түртө салуудабыз. Бул жаңылыштык. Мектеп билимди, ал эми тарбияны ата-эне берет.

— Бата берүүнүн да тарбияга тиешеси болсо керек. Мурдатан элибиз дасторкон башында улуулардын колуна дайыма жаш балдарды суу куйдурууга ашыгышчу эмес беле?

— Кыргызда "элдин уулу бол" дегенден ашкан бата жок. Анткени кыргыздын түшүнүгүндө эл бул бир бүтүндүктү камтыган жалпы маани. Ар бир адамдын эл ичинде өзүнө ылайык орду бар. Адам эли-журтусуз жашоодо өз ордун таба албайт. Кээде ата-бабанын сөзүн байкасаңар "элден ажыратпасын" деген сөз көп айтылат. Кыргыз үчүн эң чоң жаза өлүм жазасы болгон эмес. Керек болсо "жаздыкта өлгөн жаманат, жоодо өлгөн салтанат" деп келишкен. Эң чоң жаза — бул элден чыгып калуу болгон. Эл менен адамдын ортосундагы ажырагыс бүтүндүк эң чоң мааниге ээ. Тарбияда ушуну негиз катары биринчи койгон. Ошол себептен "эр энеден төрөлөт, жоодон өлөт", "эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деген макалдар чыккан.

Бирок ага баары эле жете бербегени менен тарбиянын эң чоң максаты эл уулун тарбиялоо болгон.

Кыргызовед и руководитель фонда Бакдоолот Мелис Мураталиев во время интервью ИА Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мелис Мураталиев: кыргыздар каада-салт, үрп-адат, жүрүм-турум менен эле баланын да, кыздын да ордун көрсөтүшкөн. Бүгүн тарбияны мектепке түртө салуудабыз. Бул жаңылыштык. Мектеп билимди, ал эми тарбияны ата-эне берет

— Азыр ошол эл уулун тарбиялоого эмне жетишпей турат деп ойлойсуз?

— Ушу тапта заманбап кыргыздын тарбиясы деле жаман эмес. Интеллигент, адамгерчиликтүү, жакшынакай таалим-тарбия көргөн билимдүүлөр абдан көп. Бирок эл камын көргөн жана эл үчүн жанын курман чалгандар аз. Баары жакшы болуп келип эле бийликке келгенде элден жүзүн буруп кетишүүдө.

— Мүмкүн кыргыздын байыркы тарбия башаты, эл уулун тарбиялоо түшүнүгү азыр заманбап маанисин жоготуп койгондур?

— Ошондой болуп калдыбы деп корком. Себеби чындап эл үчүн кызмат кылуу даңкталбай калды. Бүгүн биз "өз оокатыңдын камын көр, жашоо үчүн күрөш" деген принципти туу тутуп алдык. Албетте, жашоо үчүн күрөшүш керек, бирок кыргыз илгертен алгач керт башын эмес, жалпы элдин жашоосун ойлогон.

Кыргыздын "эл эмне дейт?" деген жакшы сөзү бар эле. Бүгүн "Эл эмне десе, ошо десин. Сага жагып жатабы, жаса. Элге жакканынын кереги жок. Сен бүгүн өз оокатыңды тыңдашың керек. Бутуңдан тур", — деген принципти элдин сөөгү эмес, чучугуна чейин сиңирип салдык окшойт. "Эл эмне дейт?" — деген сөздү башкача нукта колдонуп калдык. Муну азыр намыс эмес, кур намыс үчүн атаандашып той берип же ысырапкерчиликке пайдаланабыз. Мурда эл эмнени туура десе ошону жасоого аракеттенсе, азыр тескерисинче.

— Кыргыздарда тарбия берүүдө негизги багыт кандай болгон?

— Балага тарбия берүүдө тамырды таанытуу керек болгон. Кээ бир адамдар кыргыз болуп төрөлгөнү үчүн сүйүнөт, демек, алар тамырын билет. Кыргыз болуп төрөлгөнүнө өкүнгөндөр да бар. Ошондуктан тамырды таанып, "сен кимсиң, кайсы элдин урпагысың? Элиңдин наркы, баасы эмне?" деген суроого жооп бере алуу керек.

Тамырга көңүл бурууда тамыр деген кенен түшүнүк. Эгер аны бөлүп карай турган болсок, биринчи кезекте тамыр — бул жер, мекен.

Бүгүн биз балдарыбыздын мекенибизге болгон сүйүүсүн арттыра албай жатабыз. Мамлекеттин азыркы жагдайына жараша убактылуу барып, чет мамлекетте иштеп келүүнү каалагандарды түшүнсө болот. Көр-тириликтин айынан мекенинен биротоло кетип калгандар болууда. Ошондуктан өспүрүм балдарда мекенчилдик сезимди бекемдөө кажет. Алыста жүргөн адам ата-энесин, бир тууганын сагынат деп ойлойбуз. Жок, адам эң биринчи жерин сагынат. Анткени табигый шартта адам эң чоң күчтү, демди жерден алат. Кыргыз кайда жүрбөсүн, алыстан ак мөңгүлүү тоону көрсө дароо кубанат. Себеби ал мекенинин элесин берет. Акыл-эси аны түшүнө электе аң-сезимдин тээ түпкүрүндөгү сезим сагынычты козгойт. Түпкүрдө жаткан сезим күчтүү болот, аны адам башкара албайт. Кыргыз түзөң жерде жүрүп, шар аккан сууну бойлосо анча ырахат ала албайт. Бирок тоонун түбүндөгү шар аккан суунун жанына барса кадимкидей сүйүнөт. Себеби бул анын табияты. Бөтөн жерге барганда да ошол боюндагы касиет аны козготот. Эгер баланын боюна бул касиетти уюта алсак, ал кайда жүрсө да оюнда жана акыл-эсинде мекени менен бирмин деп турат.

Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мелис Мураталиев: ушу тапта заманбап кыргыздын тарбиясы деле жаман эмес. Интеллигент, адамгерчиликтүү, жакшынакай таалим-тарбия көргөн билимдүүлөр абдан көп. Бирок эл камын көргөн жана эл үчүн жанын курман чалгандар аз

Улуттун тамырына экинчиден мурас кирет. Мурас — бул сага чейинки ата-тектин, муундардын жетишкендиги, байлыгы. Анын ичинде жашоонун аксиомалары аталган макал-лакаптар, элдик оозеки чыгармачылык бар. Манас баштаган эпосторубуз, дастандарыбыз, төкмөлүк, каада-салт, узчулук өнөрдүн баары мураска кирет. Ошол эрежелер менен жашоонун маңызын бузбай, табият жана коомдун ичиндеги байланышты үзбөй улут катары сакталып калуу абзел.

Андан кийин тарых да тамырга кирет. Ата-бабаңдын басып өткөн жолунда эмне жетишкендиктер жана кемчиликтер болгондугун тарыхтан окуп, аны таанысаң өзүңө-өзүң кадимкидей баа бересиң. Кыргызда өткөнүн билмейин келечекке жол таппайт дешет. Биримдикке келип, эркиндикке жетүү үчүн эмне деген билим, эмгек, деңгээл керек. Муну билүү абзел. Билим азыркы деңгээлге жеткенге чейин кыргыз өз тарыхын санжыра аркылуу таанып келген. Санжыра деген он беш атаңдын аты-жөнүн санап берүү эмес. Бабаларынын жашоодогу ордун, жетишкендигин, асылдыгын, аны менен кошо кемчилдиги жана адашкандыгы болсо аны да кошо айтып, түшүндүрүп беришкен. Жаманынан сабак алып, жакшысын үлгү кыл дешкен. Бүгүн аны дагы татыктуу деңгээлде колдонбой фольклордук деңгээлге түшүрүп салдык. Санжыраны тарыхта негизги булак катары албастан "бул эми фольклор, оозеки чыгармачылык да" деп жомок катары карап калдык. Бирок биздин мурунку санжырачылар "Эгер менден кетсе, жүгүн мен алайын. Менден кетпесе, жүгүн сөз ээси алсын" деп баянын баштаган. Алар сөзгө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап муундан-муунга жеткиришкен. Бүгүн биз сөзгө маани бербей, талашып, сөздү тааныбай калгандыктан илим да аны жомок катары кабылдоодо.

Анан да баланы тарбиялоодо көңүл буруучу дагы бир өзөктүү тамыр — тил. Жазуучу Баяс Турал китебин "Тил — улуттун жаны" деп атаган. Мен ушул макалага тээ укканда эле муюдум. Беш тилде эркин сүйлөсөң да, эне тилиңди жакшы билбесең тамырыңды таанып, мурасыңды окуп, санжыраңды тааный албайсың. Япондор баланы 12 жашка чейин эне тилинде гана тарбиялайт. Андан кийин гана окуу системасына башка чет тилдерди киргизет. Анткени баланын улуттук аң-сезими калыптанганга чейин башка тилдер ага тоскоол болот дешет. Баланы тарбиялоодо тамырга көп маани берүү керек. Тамырдан үзүлсөң — маңкурт болосуң. Ал эми маңкуртчулуктун айынан саны, өнүгүү жагынан бизден озуп кеткен чоң элдер да көп жоготууга учурашкан.

Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мелис Мураталиев: баланы тарбиялоодо көңүл буруучу дагы бир өзөктүү тамыр — тил. Анан бала укканын эмес, көргөнүн кылат. Балага көрсөткүч бул — ата-эне

— Тарбия берүүдөгү билим берүү жаатычы?

— Билим да эң чоң тармак. Жусуп Баласагындын 1000 жыл мурда жазылып, ушул кезге чейин жашоодогу ордун жогото элек керемет китебин "Кут билим" деп атаган. Аны ачканда эле алгачкы эки сабында "бирди билген тирик, миңди билген билик" деп турат. Адам бул жашоодо бир нерсени үйрөнүп алса, ал бул жашоодо өлбөйт. Өз тиричилигин улап кете берет. Эгер көптү билсең анда билик болуп (билик — чырактын жарыгы — ред.) калкка жарыгыңды чачып, алдыга жол көрсөтөсүң деген кыргыз. Билимдин эки түрү бар, биринчиси — адам акыл-эси менен келген илим. Ал эми экинчиси — жашоо билими. Анткени ар бир элдин салты, тутунган дини — билим.

Бирок "Билимдин баары акыл болбойт" деген сөз бар. Бузуку да билим болот экен. Ал бузуку билим баланын боюна жик салчу, бүтүндү бузуп, бузукулукту алып келе турган билим. Азыр баланын укугу десе "бала өзү каалаганын кылууга укуктуу" деп айтып жатабыз. Бул туура эмес. Анткени баланын акыл-эси толук жетилген куракка келмейин ал үчүн ата-энеси жоопкерчилик алат. Анан да баланы тазалыкка үйрөтүү жагын да колго алуу керек. Мында кийимин, үстү-башын гана таза алып жүрүү эмес. Баланын ою, сөзү, дили да таза болсо, кылган иши да таза болот. Сөзү бузук адам эки элди уруштуруп, бүлүк салып коюшу мүмкүн. Анан иши таза болсо, жаман иштерге, уурулукка, коррупцияга барбайт. Бала укканын эмес, көргөнүн кылат. Балага көрсөткүч бул — ата-эне. Ошондуктан өзүбүз да үлгү бололу.

42
Белгилер:
Мелис Мураталиев, билим, кыргыз, тарбия, бала, ата-эне
Тема боюнча
"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты