Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Саткынов: малды жазгы эмдөөгө вакцина жетиштүү

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Дайыркул Саткынов
Руководитель районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Дайыркул Саткынов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов жазгы эмдөө февралда башталганын белгиледи.
Малды шарп, бруцеллез ылаңдарына каршы эмдөө кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Саткынов: малды жазгы эмдөөгө вакцина жетиштүү
Анын айтымында, мал жайлоого кеткиче эмдөө иштери толугу менен жыйынтыкталып калуусу зарыл.
"Учурда ири мүйүздүү малды шарпка, бруцеллезго каршы эмдөө иштери кызуу жүрүүдө. Ошондой эле ургаачы малдан бруцеллезго кан алуу иштери дагы аткарылууда. Күн жылып, мал жайлоого кеткиче бул иштерди толугу менен жыйынтыктоо зарыл. Анткени мал айдап-себүү иштерине тоскоол болбой жайытка кетиши керек. Учурда шарп ылаңына каршы эмдөө боюнча план биринчи кварталда толугу менен аткарылды. Сайылып жаткан вакцина беш жылдан бери Россиядан алып келинет. Жакшы препарат, эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Ал үч айлыктан жогору ири мүйүздүү малдын баарына сайылат. Азыркы тапта жалпысынан 400 миңден ашуун вакцина сайылды. Вакциналар бардык регионго жеткирилип берилген. Жазгы эмдөөгө толугу менен жетет", — деди Саткынов.
Ошондой эле ал эмдөө менен кошо жаңы туулган торпокторду биркалоо иштери да жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0