Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Орозалиев: көңүл ачуучу жайларды кайтарууга милиция коюлбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаИИМдин күзөт кызматынын борбордук көзөмөл түйүнүнүн начальниги, милициянын подполковниги Сагынбек Орозалиев
ИИМдин күзөт кызматынын борбордук көзөмөл түйүнүнүн начальниги, милициянын подполковниги Сагынбек Орозалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
ИИМдин күзөт кызматынын борбордук көзөмөл түйүнүнүн начальниги, милициянын подполковниги Сагынбек Орозалиев аталган кызматтын негизделгенине 55 жылдын жүзү болгонун белгиледи.
ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери көңүл ачуучу жайларга коюлбайт. Бирок аларды атайын техникалык каражаттар аркылуу кайтаруу үчүн мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Сагынбек Орозалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Орозалиев: көңүл ачуучу жайларды кайтарууга милиция коюлбайт
Анын айтымында, аталган кызмат чарбалык эсепте болуп, коммерциялык келишимдер менен дагы иш алып барат.
"ИИМдин Күзөт кызматы 1966-жылы түзүлүп, элге кызмат көрсөтүп келет. Ошол убакыттан бери аталган кызмат борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу мамлекеттик маанилүү объектилерди, мекемелерди, жеке кыймылсыз мүлктү кайтарууга алган. Ошондой эле ар кандай кырдаалдарда атайын сигнализацияны басып милициянын жардамын алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, Күзөт кызматы стратегиялык объектилер менен бирге эле бардык мекемелерди, жарандардын кыймылсыз мүлкүн кайтарууга алат. Болгону укук коргоо органдарынын кызматкери болгон соң кафе, түнкү клуб, ресторан жана башка ушул сыяктуу көңүл ачуучу жайларга милиционерлер коюлбайт. Бирок бул объектилер техникалык каражаттар менен жабдылып, борбордук көзөмөл түйүнүнө тапшырылып, түнкүсүн кайтарууга алынат. Мекеме чарбалык эсепте болгондуктан коммерциялык келишимдерди түзүп, анын негизинде иш алып барат", — деди Орозалиев.
Ошондой эле ал ИИМдин Күзөт кызматы жеке күзөт кызматынан материалдык база, техникалык жабдуу жана курал менен камсыздалганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0