Музыка ышкыбозу Чынтемир Акбарали уулу

Акбарали уулу: рок-музыканы кыргыз тилинде жайылтуу керек

45
(жаңыланган 14:20 15.04.2021)
Музыка ышкыбозу Чынтемир Акбарали уулу рок-н-роллду кыргыз тилинде жайылтып, коомдогу актуалдуу маселелерди көтөрүп чыкса болорун айтты.

Рок-н-ролл Кыргызстанда өтө кеңири өнүкпөгөндүктөн, жанрды коомго жайылтуу оор болуп жатат. Бул тууралуу Чынтемир Курсанали уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маек учурунда билдирди.

Акбарали уулу: рок-музыканы кыргыз тилинде жайылтуу керек

Анын айтымында, өлкөдө аталган музыкалык жанрдын өнүгүшүнө Виктор Цой баштаган "Кино" советтик рок-группанын салымы чоң.

"Мен кичинекей кезимен рок угуп жүргөндүктөн бул жанрда музыка жазып көрүүнү чечтим. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде окуп жүргөндө ырчы Алишер Тоотаев жазган салттуу ырды алып, гитаранын ыргагына салып ойноп көргөм. Башында баарына жагып, режиссёр таап, клип да тартканбыз. Бирок радио, телевидениелер биздин чыгарманы кабыл албай, эфирге чыгарбай коюшкан. Биз атайын рок-барларга барып, чакан аудиторияга чыгармабызды тартуулап баштаганбыз. Көп башка улуттар рок-н-роллду эне тилинде ырдап, популярдуу болуп келишет. Ошондуктан биз дагы эне тилде ырдап чыгууну туура көрдүк. Азыр деле кыргыз тилиндеги рок музыкасын жайылтуунун аракетиндебиз. Өз тилибиз аркылуу коомдогу көйгөйлүү маселелерди алып чыксак болот. Бул жанрды коомго жайылтуу оор болууда", — деди Акбарали уулу.

Ошондой эле ырчы Кыргызстанда рок-музыка өткөн кылымдын 70-80-жылдарында эле жарала баштаганын кошумчалады.

45
Белгилер:
Чынтемир Акбарали уулу, музыка
Тема боюнча
Димаш Кудайбергендин казакча рэп жаңырган англис тилиндеги ыры жарык көрдү
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

69
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

69
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

25
(жаңыланган 14:10 14.05.2021)
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев аталган дарактын пайдалуу жактарын санап берди.

Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу үч эсе бышык болуп, аны мите курт жебейт. Бул тууралуу Эрмек Кубатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

Анын айтымында, павлония климатка жараша бир сезондо үчтөн тогуз метрге чейин өсөт.

"Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу эки эсе жеңил, үч эсе бышык жана бир топ ийилчээк болот. Курамында танин жана павлонин болгондуктан мите курт жебейт. Ошондуктан серфинг үчүн такталар жана яхта, кемелер жасалат. Мындан тышкары, курамында чайыр жок болгондуктан өрткө туруктуу. Алсак, карагай, кадимки жыгач отундар 230-250 градуста жалындап күйсө, павлония 420-430 градуста гана дүркүрөп күйөт. Ысык-Көлдө бир жылкы сөңгөгүн кесип, күйгүзүп көрсө тутанбай койгон экен. Ошондо отунга да жарабайт турбайбы деген пикирге келишкен. Чынында анын табы күч болгондуктан тутантып алып, анан жагыш керек. Натыйжада көмүрдөй эле тап берет. Европада аны био отун катары колдонушат. Павлония Кыргызстандын шартында климатка жараша жаздан күзгө чейин үчтөн тогуз метрге дейре өсө турганы аныкталган. Андан Америкада биоэтанол чыгарганы дагы белгилүү. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө үч жылдан кийин павлония гүлдөгөндө андан бал өндүрүүнү колго алышкан. Натыйжада абдан сапаттуу жана кымбат бал чыгарууга мүмкүндүк бар", — деди Кубатаев.

Ошондой эле ал павлония урукка салыштырмалуу көчөттөн тез өсүп, сапаттуурак боло турганын кошумчалады.

25
Белгилер:
бал, отун, павлония, Эрмек Кубатаев
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Бир миң сомдук купюрасы. Иллюстративдик сүрөт

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан дагы 2 млрд. сом өндүрүү чечимин кабыл алды

0
(жаңыланган 21:15 14.05.2021)
Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болот. Буга чейин сот аталган компанияны 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирген. 

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан 2,1 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

"Соттун 14-майдагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды. Компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 миллиард 105  миллион 631 миң сом жана мамлекеттин эсебине 10 миллион 583 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болору кошумчаланды.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

0
Белгилер:
өндүрүү, экология, каражат, сот, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду