Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сманбаева: мамлекеттик сыйлыктардын 70 пайызы Москвада жасалат

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезиденттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева мамлекеттик сыйлыктардын 70 пайызы Москвада жасала турганын айтты.
Сманбаева: мамлекеттик сыйлыктардын 70 пайызы Москвада жасалат
"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы Кыргызстанда жасалат. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2007-жылдан тарта энелерди сыйлоо тартиби өзгөрүп, сыйлыктар "Кыял" ишканасында жасала баштаган.
"1996-жылы мамлекеттик сыйлыктар түптөлгөндөн бери Москва тыйын короосунда (Московский монетный двор — ред.) жасалчу. Учурда алардын 70 пайызын ошол жакка заказ кылабыз. "Ак шумкар", "Манас", "Данакер", "Даңк" медалдары ошол жактан жасалат. Ал эми Кыргызстандын "элдик", "эмгек сиңирген" ардак наамдары жана Ардак грамотанын төш белгилерин Кытайдан жасатабыз. Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы жасалат. Себеби мурда 10 жана андан көп балалууларга берилчү. Кийин талаптар өзгөрүп, жети же андан ашык баласы барларга "Баатыр эне", алты балалууларга "Эне даңкы" наамы бериле баштады. Сыйлануучулар абдан көбөйүп кеткендиктен бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша сыйлыктар "Кыял" ишканасынан жасалууда", — деди Сманбаева.
Ошондой эле ал бардык мамлекеттик сыйлыктар ар түрдүү баалуу металлдардан даярдала турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0