Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева

Сманбаева: мамлекеттик сыйлык алгандар атайын порталга киргизилди

51
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева 1996-жылы мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамга кол коюлганын маалымдады.

1990-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик сыйлык алгандардын баары атайын порталга киргизилди. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сманбаева: мамлекеттик сыйлык алгандар атайын порталга киргизилди

Анын айтымында, 1996-жылга чейин мурдагы советтик сыйлыктар берилип келген.

"1995-жылы Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам кабыл алган. 1996-жылы 16-апрелде бул мыйзамга президент кол койгон. Кийин алымча-кошумчалар киргизилип, "Манас" сыйлыгы 1-2-3-даражага бөлүнүп, ордендер жасалган. Учурдагы мамлекеттик сыйлыктар системасы төмөндөгүдөй: эң жогорку, Кыргыз Республикасынын баатыры наамы — бул "Ак шумкар" өзгөчө белгиси. Биринчи категорияга 1-2-3-даражадагы "Манас", "Курманжан Датка", "Данакер", "Даңк", "Достук", "Баатыр эне" ордендери жана "Элдик" деген ардак наамдар кирет. Экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар — "Эрдик", "Даңк", "Эне даңкы" медалдары жана "эмгек сиңирген" деген ардак наамдар. Ал эми тармактык сыйлыктар үчүнчү категория болуп эсептелет. Булардын сүрөттөрүн, тийиштүү маалыматтарды интернеттен табууга болот. Ошондой эле https://nagrada.srs.kg/ портал ачылып, ал жакта 1990-2021-жылдар аралыгында ким кандай сыйлык алгандыгы тууралуу кеңири маалымат бар", — деди Сманбаева.

Ошондой эле ал өзгөчө учурларда президент өз жарлыгы менен айрым жарандарды сыйлык алуунун шарттарына карабай сыйлай ала турганын кошумчалады.

51
Белгилер:
Кыргызстан, "Баатыр эне", сыйлык, Жылдыз Сманбаева
Тема боюнча
Сманбаева: мамлекеттик сыйлыктардын 70 пайызы Москвада жасалат
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан

Адис: IT тармагын үйрөнүү жана иш алып баруу үчүн компьютер гана керек

73
(жаңыланган 12:47 10.05.2021)
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан аталган тармакта кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк кеңири экенин белгиледи.

IT тармагын үйрөнүү жана бул багытта иш алып баруу үчүн компьютер гана керек. Ошондуктан кыз-эркек дебей иштеп кете алат. Бул тууралуу Динара Руслан Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Адис: IT тармагын үйрөнүү жана иш алып баруу үчүн компьютер гана керек

Анын айтымында, соңку учурда санариптештирүү бардык тармакта өнүгүүдө.

"IT тармагында программалоо, дизайн же долбоордук башкаруу болобу, адам өзү тандап иш алып бара берет. Көбүнчө программалоо жаатына эркектер барып, кыздар долбоорду башкаруу жана дизайн менен алектенишет. Бул мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эмес, жөн гана кыздардын "программалоону жөндөй албайт болушум керек" деген кооптонуусунан болушу ыктымал. Кыргызстанда инфраструктура жок болгондуктан көп мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Мисалы, Өзбекстанда заводдор, фабрикалар бар. Машина, муздаткыч жана башка продукция чыгарылат. Аларды долбоорлоо багытында иштер жүргүзүлөт. Ал эми бизде программалык камсыздоо менен чектелип калышат. Себеби ал үчүн компьютер жана интернет гана керектелет. Ошондуктан бул тармак эч нерседен көз каранды болбой, өз алдынча өнүгүүдө", — деди Динара Руслан.

Ошондой эле ал өлкөдө IT тармагынын кызматтарына буюртмалар көбүнчө жеке ишкерлерден түшөрүн кошумчалады.

73
Белгилер:
компьютер, санариптешүү, инфраструктура, IT, Динара Руслан
Тема боюнча
Афганистанда иштеп келген. Марипов өзүнө жаңы кеңешчи дайындады
Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов

Карачалов: саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат

27
Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов фрилансер же жумушта кыска мөөнөткө иштегендер бир учурда бир нече жерде эмгектенип, жумуш ордун азайтарын айтты.

Кыргызстанда 2040-жылга чейин саатына акы төлөө режимине өтүү маселеси мамлекеттик стратегияга киргизилген. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Карачалов: саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат

Анын айтымында, саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат.

"Фрилансер — бул бир жумушта кыска мөөнөткө иштеген же эркин эмгектенген адам. Штаттан тышкаркы кызматкер болгондуктан бир эле учурда ар кандай жумуштарда иштеши мүмкүн. Кыргызстанда бул кызматкерлер жеке ишкер сыяктуу патент менен эмгектенет. Берилген жумушту күнү-түнү жасап бүтүрөбү же берилген убакыттын ичинде шашпай аткарабы, ал өзүнүн иши. Бардык жоопкерчилик өзүнүн мойнунда. Эгер ал өргүүгө чыкса акча төлөп бербейт жана ооруп же кырсыктап калса, ага жумуш берүүчү ар кандай төлөмдөрдү аткарууга милдеттүү эмес. Ал эми бир мекемеде туруктуу, бирок аралыктан иштеген кызматкерлер бар. Аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгек укуктары тууралуу кодекске киргизүүнү көздөп жатабыз. Андан тышкары, Кыргызстанда 2040-жылга чейин саатына акы төлөө режимине өтүү маселеси мамлекеттик стратегияга киргизилген. Европа мамлекеттеринде биздики сыяктуу эле айдын аягында маяна алышат. Болгону саатына баа коюлуп, айдын аягында ошого жараша каражат алат. Бул келишимдик акы төлөө ситемасына жакыныраак", — деди Карачалов.

Ал бир фрилансер бир топ жумушчунун ордун ээлеп, жумуш ордунун азайышына алып келерин кошумчалады.

27
Белгилер:
дистанттык иштөө, фрилансер, Эмгек кодекси, Элдияр Карачалов
Тема боюнча
Россия жарандарына аралыктан иштөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат берди
Индияда COVID-19 өлгөн кишинин сөөгүн туугандары көтөрүп бара жатышат

Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды

0
Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Индиянын Буксар шаарында Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган аймактын администрациясы кишилердин сөөктөрү коңшу штаттан агып келиши ыктымал деп божомолдогон. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге дарыянын жээгинде жашагандар кремация акысы жана өрттөө кымбат болгондуктан өлгөндөрдү сууга ыргытып жатканын билдиришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

Бийлик сууну тазалай баштаганын билдирген. Таанылбаган сөөктөр ырым-жырымы менен кремацияланып, чыгымын штаттын өкмөтү өзүнө алган.

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 22, 2 миллиондон ашты.

0
Белгилер:
Ганг дарыясы, коронавирус, сөөк, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19 жуктургандар жана көз жумгандар эң жогорку чегине жетти. ДССУ билдирүүсү
Индияда коронавирус аз келгенсип дагы бир инфекция күчөп жатат