Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбеков: курулуш компаниялары дээрлик анализ жүргүзбөйт

© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по недвижимости Эсен Рысбеков
Эксперт по недвижимости Эсен Рысбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Девелопердик компаниянын генералдык директору жана негиздөөчүсү, кыймылсыз мүлк жаатында эксперт Эсен Рысбеков өлкөдө соңку 10-15 жылда курулуш тармагы өнүгүү жолунда кетип жатканын белгиледи.
Девелопердик компания курулуш компанияларына салыштырмалуу башынан аягына чейин анализ жүргүзүп, иш алып барат. Бул тууралуу Эсен Рысбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Рысбеков: курулуш компаниялары дээрлик анализ жүргүзбөйт
Анын айтымында, курулуш компаниялары негизинен техникалык жактарын колго алып, пайда көрүүгө умтулуп келишет.
"Өлкөдө курулуш тармагы соңку убактарда өнүгүү жолунда кетип жатканы менен шаарларыбыз бир типтүү. Архитектуралык өзгөчөлүк байкалбайт, келген конокторго көрсөтүүдөн уяласың. Буга курулуш компаниялары техникалык мүнөздөмөлөргө маани берип, анализ иштерин дээрлик жүргүзбөгөнү себеп. Мисалга жер участогун таап, ага кура баштайт, бирок сатылышы начар болот. Ошондуктан курулушту кардарларга ыңгайлаштырып курууну колго алуу зарылчылыгы пайда болду. Ага ылайык, болочоктогу кардарлардын муктаждыгын талдап, ошого жараша курулуш иштери жүрөт. Мындай учурда салына турган үй кайсы жерде болсо ыңгайлуу, канча унаа токтоочу жайы болушу зарыл жана башка жагдайларын алдын ала билип, анан курулат. Ошондо сатуу иштери дагы эч бир тоскоолдуксуз, бат жүрөт", — деди Рысбеков.
Ошондой эле ал үйлөрдү "алтын квадраттын" ичинде курууга умтулбай, ошондой аймактарды түзүү менен шаардын көптөгөн архитектуралык көйгөйлөрүн чечсе боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0