Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакова: баарлашуу — жалгыздыктан арылткан курал

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Айдана Абакова
Психолог Айдана Абакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Психолог Айдана Абакова айылдагыларга караганда чоң шаарларда жашаган адамдар жалгыздыктан жапа чегерин айтты.
Жалгыздык — бул адам өнүгүүсүндө коштоп жүргөн сезим. Бул өзүбүздү табуу сапарынын бир бөлүгү. Ал эми жалгыздыктын артынан биз мамилелерди көбүрөөк баалай баштайбыз. Бул тууралуу Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абакова: баарлашуу — жалгыздыктан арылткан курал
Анын айтымында, жалгыздык иш жүзүндө жана моралдык деп экиге бөлүнөт.
"Жашоодо чоң чечимдер кабыл алынып жатканда жардам берген, колдогон адам жок болсо, жанында жүргөн адамдар алыстап кеткенде же адам жер которгондо жалгызсырайт. Аталаган сезим көбүнчө өспүрүмдөр, үй-бүлө куруу алдында турган адамдар, 30-35 жана 70тен өткөн курактагылар арасында кездешет. Экстроверт башка адамдар менен баарлашуудан, интроверт өзү менен өзү болгондо күч-кубат алат эмеспи. Жабык адамдар жалгыз жүргөндү жакшы көрүшөт. Андыктан бул жалгыздык деп эсептелбейт. Жалгыздыкты иш жүзүндө жана моралдык деп бөлүп караса болот. Мисалы, көптөгөн үй-бүлөлөрдө бизнес, ким эмне сатып алары, ким тамак-аш даярдашы керектиги тууралуу гана сүйлөшүп, мамилелери, сезимдери, эмне тынчсыздандырганы жөнүндө унчугушпайт. Баарлашуу — бул жалгыздыктан арылткан дары. Көп нерсе сүйлөшүүнүн сапатынан көз каранды. Ар бир адам түшүнүүнү эңсейт. Адам башынан кечирген нерсесин түшүнүп, аны менен бөлүшкүсү келет. Жалгыздыктан толук кутулуу мүмкүн эмес. Бирок башкалар менен бөлүшсө болот", — деди Абакова.
Психолог жалгызсыраган адам терс маалыматтардын агымынан өзүн коргоп, достор, жакын адамдар менен баарлашууга көбүрөөк убакыт бөлүп, көп күлүп жүрүшү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0