Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шамканов: Олимпиадага жолдомо уткан спортчулар катуу көзөмөлдө

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель Дирекции по олимпийским видам спорта Жоомарт Шамканов
Руководитель Дирекции по олимпийским видам спорта Жоомарт Шамканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов Токио Олимпиадасына жолдомо уткан спортчулар катуу көзөмөлдө машыгып жаткандыгын айтты.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу спортчулар Спорт жана дене тарбия агенттиги койгон алгоритмдин негизинде даярдыктан өтүүдө. Мындай маалыматты Жоомарт Шамканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шамканов: Олимпиадага жолдомо уткан спортчулар катуу көзөмөлдө
Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк антидопинг агенттиги жыл башында тыюу салынган препараттардын тизмесин жарыялап, спортчуларды тиешелүү текшерүүдөн өткөрүп турат.
"Бүткүл дүйнөлүк антидопинг агенттиги олимпиадага жолдомо уткан спортчулар жана алардын машыктыруучулары федерациялар менен кызматташып, спортчу бир айдын ичинде кайсы шаарда болорунан кабар алып турушат. Агенттиктин комиссарлары ошол жерге келип, спортчудан проба алып кетишет. Мындан тышкары, мамлекеттик агенттиктин алдында Антидопинг дирекциясы ачылган. Өлкө чемпионаты учурунда дирекциянын өкүлдөрү машыктыруучу, спортчуларга допингге байланыштуу кыскача маалыматтарды берүүдө. Спортчулар Токио Олимпиадасындагы бир катар эрежелерден да кабардар болуп жатышат. Дүйнөлүк антидопинг агенттиги жыл башында тыюу салынган препараттардын тизмесин жарыялаган. Ошондой эле спортчу ооруп калса өзү каалаган дары-дармекти иче албайт. Бекитилген режимдердин негизинде гана дарыланат. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу спортчуларга эл көп чогулган жерлерге барбагыла, аралыкты сактагыла деп эскертүүлөр берилүүдө", — деди Шамканов.
Ошондой эле жетекчи эпидкырдаалга байланыштуу спортчулар чет өлкөгө чыкпай, окуу-машыгуу иштери көбүнесе Ысык-Көлдө жүрүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасы 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0