Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

25
(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

25
Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады
Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев

Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат

123
(жаңыланган 12:29 11.05.2021)
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев чакан ГЭСтерди курууда инвесторлор жер бөлүп берүү жаатында айрым тоскоолдуктарга туш болуп келгенин белгиледи.

Электр энергиясын өндүрө турган суу үстүндө сүзүп жүргөн станцияларды куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат

Анын айтымында, эгемендүүлүк алган жылдардан бери электр тармагындагы ишканалар чыгымга учуроодо.

"Электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу учур талабы. Анткени ГЭСтердин эскилиги жетип, бул тармак кризиске учуроо коркунучунда турат. Ал эми азыркы тарифтер менен реконструкция иштерин жүргүзүп, айрымдарын модернизациялоо мүмкүн эмес. Баанын арзандыгынан улам инвесторлорду дагы кызыктыруу татаал. Анткени сырткы жана ички инвесторлорго кандайдыр бир стимул болбосо, аларда кызыкчылык жаралбайт. Маселен, чакан ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 25 тыйынды түзөт. Биз бул баадан кыйла төмөн сатууга мажбурбуз. Келип чыккан чыгым 2 сом 20 тыйындан төлөгөн өндүрүштүк тариф аркылуу жабылууда. Чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиянын 90 пайызы "Түндүк электр" ишканасына, 10 пайызы өндүрүш тармагына сатылууда. Андан тышкары, өлкөдө шамалдан, Күндөн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Аны колдонуу үчүн ГЭС-5 көлүндө сүзүп жүрүүчү станция куруу боюнча сынамык долбоор башталат. Ал Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 100 киловатт саат электр энергиясын өндүрө алары мерчемделүүдө. Жакшы натыйжа берсе, бул долбоорду Токтогул суу сактагычынын үстүнө дагы куруу пландалууда", — деди Астапаев.

Ошондой эле ал майнинг-фермаларды электр энергиясы менен камсыздоо дагы жакшы натыйжа бере турганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

123
Белгилер:
тариф, ГЭС, электр энергиясы, Кубанычбек Астапаев
Тема боюнча
Жапаров электр энергиясына чектөө кайра алып салынарын айтты
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова

Дүйшөнкулова: 170 грамм шорпо коллагендин күнүмдүк нормасын толтурат

72
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрү боюнча коллаген организмге эч кандай терс таасирин тийгизбей турганы белгилүү болгонун айтты.

Коллаген деңиз азыктарында, андан кийин малдын этинде жана жер-жемиште көп болот. Уй же тооктун 170 грамм шорпосу коллагендин күнүмдүк нормасын толтурат. Бул тамак-аштын ичинен деңиз азыктары сиңимдүү келип, андан көбүрөөк коллаген ала алабыз. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөнкулова: 170 грамм шорпо коллагендин күнүмдүк нормасын толтурат

Анын айтымында, аллергиясы бар адамдар коллагендин кайсы азыктан жасалганын кылдат карап колдонушу керек.

"Коллаген — бул структуралык белок. Организмде эң маанилүү ролду ойнойт. Ал сөөк, тери, булчуң, тарамыштардагы ар бир клеткаларды бири-бирине бириктирип турган зат. Коллаген адамдын организминде 20 жашка чейин активдүү бөлүнүп чыгат. Бул учурда тери серпилгич, жылмакай болуп, адамдын жүзүнөн нур чачырап турат. Ал эми 25-30 жаштан ашканда организмде коллаген аз бөлүнүп баштагандыктан бетке кичинеден бырыш түшүп, теринин түсү өзгөрүп баштайт. Азыркы учурда коллагендин көлөмүн толтуруу үчүн териге крем, сыворотка сүйкөп, таблетка, порошок түрүндөгү белокту суу же ширеге кошуп ичип жана косметологияда инъекция аркылуу теринин кайсы бир бөлүгүнө куюп жатышат. Мунун зыяны жок. Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, коллаген организмге эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Коллагендин эффективдүүлүгүн билүү үчүн немец окумуштуулары 70тей аялды эки топко бөлүп, бирөөсүнө коллаген капсуласын, экинчисине бош капсула беришкен. Натыйжасында коллаген ичкен аялдар тобунун бети тартылып, жылмакай болуп калганы байкалган. Ал эми америкалык окумуштуулар 200дөй спортчунун арасында ушундай эле изилдөө жүргүзүшкөн. Анда бир топтогу спортчулар тамак-ашына кошумча коллаген да ичишкен. Жыйынтыгында коллаген ичкен адамдар көнүгүүлөрдү жасаганда сөөк, муундары ооруганы азайган. Аталган белокту профилактикалык түрдө беш граммдай, ал эми терапиялык процессте 8-12 грамм ичсе күнүмдүк норманы толтурган болот", — деди Дүйшөнкулова.

Ал капсула, порошок түрүндөгү коллагенди ар бир адам индивидуалдуу нормада кабыл алышы керектигин айтып, дарыгердин сунуштамасы менен ичүү оң экенин кошумчалады.

72
Белгилер:
белок, организм, Марина Дүйшөнкулова
Тема боюнча
Эрте картаюунун алдын ала турган ыкмалар аталды
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

0
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

0
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды