И. Раззаков атындагы КМТУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты Эрмек Кадыров

Кадыров: электромобилдер биздин жолдорго ылайыксыз

72
И. Раззаков атындагы КМТУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты Эрмек Кадыров Кыргызстанга көбүнесе колдонулган электромобилдер келип жатканын айтты.

Электромобиль шаардын түз көчөлөрүнө ылайыкташкан автоунаа. Тилекке каршы, биздин жолдорубуз өр таяп, кайра ылдыйга түшүп отуруп, унаанын кубатын көп сарптайт. Мындай пикирин Эрмек Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кадыров: электромобилдер биздин жолдорго ылайыксыз

Анын айтымында, электромобилдерди шаарда көбөйтүү үчүн алгач мамлекет инфраструктуралык шарт түзүп берүүсү зарыл.

"Электромобилдер экологияга зыянын тийгизбей турган автомашиналар. Айдоочуларга унаанын бул түрүн сунуштоодо мамлекеттик деңгээлдеги программалар керек. Айталы, биринчи эле кубаттоочу жайларды ачуу зарыл. Анткени электромобилдерди бир жолу кубаттоо менен түз жолдо 200-300 чакырым гана жүрө аласың. Демек, алыска чыга албайсың деген сөз. Мындан сырткары, учурда бизге колдонулган, эски электромобилдер келүүдө. Себеби жаңыларынын наркы 20 миң доллардын тегерегинде. Биздин айдоочулар өлкөдө шарт жок болгон соң бул каражатка күйүүчү май менен жүрүүчү эле автоунаа алганды туура көрүшөт", — деди Кадыров.

Ал ошондой эле өлкөгө заводдон чыккан жаңы электромобилдерди алып келүүнү колго алуу зарылдыгын кошумчалады.

72
Белгилер:
жол, инфраструктура, экология, электромобиль, Эрмек Кадыров
Тема боюнча
Чаргынов: электромобилдин чыгымы жөнөкөй унаадан 70 эсе аз болот
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов

Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот

47
(жаңыланган 20:41 09.05.2021)
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстандын кооз жерлерин, тарыхый мурастарын, шаарларды онлайн-форматта саякаттаса болорун айтты.

Эми бардык каалоочулар өлкөнүн кооз жерлери тууралуу веб-сайтынан үч тилде кенен маалымат ала алат. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот
"Бүгүнкү күндө map.tourism.gov.kg веб-сайтынан бардык каалоочу Кыргызстандын тарыхый мурастары, ар бир региондун кооз аймактары, шаарлары менен тааныша алат. Портал аркылуу үч тилде кенен маалымат алып, пандемия шартында онлайн саякаттаса болот. Тармакты санариптештирүүнүн алкагында жакынкы арада дагы 3-4 тилди кошуунун үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги менен иштешип, жолдун жээгиндеги жерлерге туристтер үчүн көрсөтмөлөрдү коюуну пландап жатабыз", — деди Шатманов.

Ошондой эле жетекчи туризмди өнүктүрүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун айланасында беш туристтик борбор ачыла тургандыгын кошумчалады.

47
Белгилер:
ички туризм, саякат, туризм, Самат Шатманов
Тема боюнча
Кадыралиев: маданиятыбызды өзүбүз өздөштүргөндө гана башкаларга кызыгуу жаратабыз
Эрдик-Подвиг фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов

Мырзаканов: Кыргызстанда Белгисиз жоокердин эстелиги тургузулушу керек

19
"Эрдик-Подвиг" фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов өлкөдө Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун эрдиги даңазаланышы керектигин белгиледи.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун урматына Белгисиз аскердин эстелиги орнотулушу керек. Бул тууралуу Каныбек Мырзаканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Мырзаканов: Кыргызстанда Белгисиз жоокердин эстелиги тургузулушу керек

Анын айтымында, мындай эстеликтер көп өлкөлөрдө орнотулган.

"Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун баарынын сөөгүн таап, аныкташ кыйын. Биз Кыргыз ССРинин мураскери, эгемендүү мамлекет болгон соң өлкөдө Белгисиз жоокердин айкели болушу керек. Себеби 10 миңдеген жоокердин дареги дайынсыз. Алардын урпактары куран түшүрүп, эрдигин даңктап турушу зарыл. Мындай эстеликтер Россияда жана башка дүйнөнүн 40 мамлекетинде бар. Кыргызстандын жоокерлери СССРдин катарында согушуп, жеңишке жетишкен. Андыктан алардын арбактары даңкталышы шарт. Калининградга барганда, ал жакта ардагерлер тууралуу маалымат издөө менен алек болгондордун айтымында, көптөгөн сөөктөр табылып, ким экени аныкталбай калат экен", — деди Мырзаканов.

Ошондой эле ал эгерде Белгисиз жоокердин эстелиги орнотулса, анын тарбиялык мааниси дагы болорун кошумчалады.

19
Белгилер:
СССР, ардагер, Улуу Ата Мекендик согуш, Каныбек Мырзаканов
Тема боюнча
Борбордо Ленинград блокадасынын курмандыктарынын элесине бак отургузулду. Видео
Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова

Футбол боюнча улуттук команданын дарбазачысы Айчүрөк беларустук "Неманга" өттү

0
(жаңыланган 10:54 10.05.2021)
Клуб спортчу менен  2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү. Айчүрөк кечээтен тарта жаңы командасы менен машыгууга киришкен.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова Беларустун "Неман" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Маалыматка ылайык, клуб футболчу менен 2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү.  Айчүрөк кечээтен тарта жаңы команда менен машыгууга киришкен.

"Толонова Кыргызстандын улуттук курмама командасынын ар кандай жаш курактагы топторунда ойногон. 2018-жылы алгачкы жолу өлкөнүн жаштар курама командасынын дарбазасын коргоп чыккан. 2018-жылы өлкөнүн мыкты дарбазачысы наамына татыган", — деп айтылат маалыматта.

2019-жылы кыргызстандык футболчу кыз Казакстандын СДЮСШОР №8 балдар спорттук мектебинин олипиадалык резевдер командасында ойноп, чемпионатта үчүнчү орунга жетишкен.

0
Белгилер:
дарбазачы, Кыргызстан, Беларусь, трансфер, футболчу
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты