Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаманкулов: Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү боюнча форум уюштурулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр культуры, информации и туризма КР Азамат Жаманкулов
Министр культуры, информации и туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Туризм боюнча эксперт, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөдөгү туризмди жөнгө салуу максатында форум уюштурулуп жатканын айтты.
15-майда Ысык-Көлдүн жээгинде өлкөдөгү туризм тармагын кризистен чыгаруу максатын көздөгөн форум уюштурулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Азамат Жаманкулов маек куруп жатып билдирди.
Жаманкулов: Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү боюнча форум уюштурулууда
Анын айтымында, аталган иш-чара көргөзмө, маданий программалар менен коштолот.
"Пандемиядан улам туризм тармагы 50-80 пайызга артка кетти. Банктардан ири суммадагы насыя алып бизнесин жүргүзүп жаткан бул тармактын айрым ишкерлери толугу менен ишин токтотууга же дагы карызга батып, башка тармакта бизнес ачууга аргасыз болушууда. Мындан сырткары, туризм өлкө казынасына олуттуу киреше түшүрө алат. Андыктан биз колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен аталган тармакка көңүл буруубуз зарыл. 15-майда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий комплексинде ушул маселеге багытталган форум өтөт. Иш-чарага мамлекет башчысынан тарта бардык тиешелүү аткаминерлер чакырылууда. Анда туризмди өнүктүрүү боюнча атайын түзүлгөн стратегиялык план сунушталат", — деди Жаманкулов.
Ал ошондой эле форумда кыргызстандыктар быйыл кайсы өлкөлөргө саякатка барса болору тууралуу маалыматтар берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0