Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Жаныбеков: Кыргызстан өзүн стратегиялык үч гана азык менен камсыздай алат

76
(жаңыланган 12:33 26.04.2021)
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан тогуз стратегиялык продуктунун ичинен сүт, мөмө-жемиш жана картошка менен гана өзүн камсыз кыла аларын айтты.

Өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка менен учурда элди камсыз кыла албай жатабыз. Мындай маалыматты Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Жаныбеков: Кыргызстан өзүн стратегиялык үч гана азык менен камсыздай алат

Анын айтымында, өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргызстан өзүн азык-түлүк менен толугу менен камсыздап, кээ бир продукцияларды экспорттоп келген.

"Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстанда негизги тогуз стратегиялык продукт бар. Тилекке каршы, биз ошонун ичинен өзүбүздү үчөө менен гана камсыз кылабыз. Алар: сүт, мөмө-жемиш жана картошка. Өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка менен өлкөнү камсыздай албайбыз. Бирок толук жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Элге ун азыктары же буудайды толук жеткире албай жатабыз. Союздун акыркы убагы, 1987-90-жылдары, өлкөдө азык-түлүк жетишсиздиги болгон эмес. Өзүбүздөн чыккан продукцияларды экспортточубуз. Бул  калкты өлкө өзү толук кандуу камсыздап келген дегенди билдирет. Учурда кайра иштетүүнү колго алуу менен маселени бир аз да болсо чечсе болот. Учурда республикада сүт азыктарын кайра иштетүү колго алынып келе жатат", — деди Жаныбеков.

Ошондой эле министр этти кайра иштетүү тармагында абдан чоң көйгөйлөр бар экендигин кошумчалды.

76
Белгилер:
айыл чарба, кайра иштетүү, азык-түлүк, Аскарбек Жаныбеков
Тема боюнча
Кыргызстанда алгачкы жолу чек ара аймактарында ветеринардык станциялар ачылат
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады

13
(жаңыланган 14:43 18.05.2021)
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова мыйзамды демилгелей алчу тараптардын көптүгү көйгөй жаратарын айтты.

Конституциянын кайра-кайра өзгөрүүсү мыйзамдарга дагы инвентаризация жүргүзүү муктаждыгын жаратууда. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарды инвентаризациялоо 2001-жылы дагы жүргүзүлгөн.

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады
"Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. Ошондон бери ар бир 10 жылда мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп турган. Муну коомчулук туура эле кабыл алуусу зарыл. Себеби жашоо өзгөрүп жатат. Жаңы мамилелер, укук, милдеттер алмашкан сайын мыйзамдарды иретке келтирип туруу керек. Бирок өлкөдө айрым учурларда мыйзамдар атаандаштык менен кабыл алына бергендей сезилет. Майда-чүйдө маселе жаралып калса, ошого карата өзгөртүү, толуктоо киргизиле берет. Чынында мыйзам илимий жактан негизделип, статистикалык маалыматтарга таянып жазылуусу абзел. Аларды ишке ашыра турган жоболор, эрежелер өзгөрүп, ал эми мыйзамдар туруктуу иштеши зарыл. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар мурдагыларга каршы келбеши керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мисалга саясий окуялардан улам Конституцияны бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болдук. Натыйжада мыйзамдарды кайрадан иретке келтирүүгө муктаждык жаралууда. Буга утурлай эле мыйзамды демилгелей алган тараптар көбөйүп кетти. Учурда президент, министрлер кабинети, башкы прокурор жана башкалар демилгелөө укугуна ээ. Натыйжада иш майдаланып кетүүдө. Бул өз кезегинде кедергисин тийгизип коюп жатат", — деди Сулайманова.

Ошондой эле ал мыйзамдарды кайра-кайра өзгөртө берүү алардын иштеп кетүүсүнө кепилдик болбой турганын кошумчалады.

13
Белгилер:
Айнура Сулайманова, саясат, коом, мыйзам
Тема боюнча
Төрт кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө

15
(жаңыланган 14:26 18.05.2021)
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков аталган окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү түрдө талап кылынарын айтты.

Медицина жаатында билим алгандар окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө. Натыйжада өлкөдө кадр тартыштыгы жаралып жатат. Бул тууралуу Есенгелди Жолдошбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө
"Медициналык академияга өтүү үчүн ЖРТнын жалпы тестин жана кошумча химия, биология предметтеринен тапшырышы керек. Босого баллы жалпы тестирлөөдөн 110дон, кошумчалар 60тан жогору болушу зарыл. Алар сынакка катышууга мүмкүндүк алышат, ошонун натыйжасында окууга кабыл алынат. Бюджеттик орунга өтүү үчүн жогорку баллды камсыздоо зарыл. Жогорку балл алган абитуриенттердин көбү медициналык академияга тапшырышат. Учурунда 400 баллга чейин жетчү, соңку учурда 350нүн тегерегинде болуп калды. Бул акыркы убакта мектеп окуучуларынын начар билим алып жатканын түшүндүрөт. Ошондой эле өлкөдө медициналык факультеттер ачылып, өз таасирин тийгизип жатат. Медициналык билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн көптүгүнө карабай, пандемия маалында республикада кадр тартыштыгы ачык билинди. Себеби эмгек маянасынын аздыгынан медиктер чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат", — деди Жолдошбеков.

Ошондой эле ал өткөн жылы пандемияга байланыштуу онлайн кабыл алуу колго алынганын кошумчалады.

15
Белгилер:
Есенгелди Жолдошбеков, ЖРТ, абитуриент, медицина
Тема боюнча
ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив

Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

0
(жаңыланган 22:18 18.05.2021)
Метеорологдор мындай жаратылыш кубулушу региондо көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда бүгүн чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну "Күн тутулуп жаткандай" деп сүрөттөп, айланада эч нерсе көрүнбөй калганын жазышкан.

Агенттикке Казгидрометтин облустук филиалы чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

Ошондой эле метеорологдор Тайынша районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 33 метрге чейин жеткенин айтышкан. Жакынкы метеорологиялык станциялар дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканын каттаган.

0
Белгилер:
видео, аба ырайы, чаң, бороон, Казакстан
Тема боюнча
Индонезиядагы катуу торнадо шаарды жабыркатты. Алай-дүлөйдүн видеосу