Жогорку технологиялар паркынын директорунун милдетин аткаруучу Чубак Темиров

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20%га өстү

40
(жаңыланган 13:52 28.04.2021)
Жогорку технологиялар паркынын директорунун милдетин аткаруучу Чубак Темиров 2020-жылы аталган мекеменин кирешеси 20 пайызга өскөнүн айтты.

Жогорку технологиялар паркынын максаты — өлкөбүздөгү IT-компаниялардын ачык иштешине көмөктөшүү жана аларга жакшы шарттарды түзүп берүү. Муну Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы демилгелеп, 2011-жылы мыйзам кабыл алынган. Бул тууралуу Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Жогорку технологиялар паркында 104 IT-компания, 1000дей адис иш алып барат.

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20%га өстү
"2013-жылдары жергиликтүү программалык камсыздоону, маалыматтык жана жаңы технологияларды иштеп чыгуу, маалыматтык технологиялар тармагын легалдаштыруу үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, IT-адистеринин санын көбөйтүү жана программалык камсыздоону иштеп чыгуунун сапатын заманбап дүйнөлүк стандартка алып келүү максаты коюлган. Ошондуктан Жогорку технологиялар паркы түптөлгөн. Азыр паркта 104 компания иштейт. Пандемия резиденттердин жумушуна кедергисин тийгизди. Бирок карантин адамдарга санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү. Биздин өндүрүмдөрдү экспорттоо 85-90 пайызга чейин көтөрүлдү. Азыр кичинекей Кыргызстан 30дан ашык мамлекетке экспорт жасайт. Компаниялар эң көп буюртмаларды АКШ, Казакстан, Россия, Улуу Британия жана Япониядан алат. 2020-жылы ЖТП 1 миллиард 200 миллион сом киреше тапты. Ошентип парктын кирешеси 20 пайызга өстү. Пандемия учурунда мамлекеттик буюртмаларды жасап жаттык. Алсак, ЖТПнын резиденттери Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтеринин буюртмаларын аткарышты", — деди Темиров.

Ал 29-апрелде Бишкекте Жогорку технологиялар паркы Astana Hub менен тажрыйба алмашарын кошумчалады.

40
Белгилер:
Чубак Темиров, Жогорку технологиялар паркы, IT, санарип
Тема боюнча
Муканбетова: коронавирус учурунда IT тармагы тездик менен өстү
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады

15
(жаңыланган 14:43 18.05.2021)
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова мыйзамды демилгелей алчу тараптардын көптүгү көйгөй жаратарын айтты.

Конституциянын кайра-кайра өзгөрүүсү мыйзамдарга дагы инвентаризация жүргүзүү муктаждыгын жаратууда. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарды инвентаризациялоо 2001-жылы дагы жүргүзүлгөн.

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады
"Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. Ошондон бери ар бир 10 жылда мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп турган. Муну коомчулук туура эле кабыл алуусу зарыл. Себеби жашоо өзгөрүп жатат. Жаңы мамилелер, укук, милдеттер алмашкан сайын мыйзамдарды иретке келтирип туруу керек. Бирок өлкөдө айрым учурларда мыйзамдар атаандаштык менен кабыл алына бергендей сезилет. Майда-чүйдө маселе жаралып калса, ошого карата өзгөртүү, толуктоо киргизиле берет. Чынында мыйзам илимий жактан негизделип, статистикалык маалыматтарга таянып жазылуусу абзел. Аларды ишке ашыра турган жоболор, эрежелер өзгөрүп, ал эми мыйзамдар туруктуу иштеши зарыл. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар мурдагыларга каршы келбеши керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мисалга саясий окуялардан улам Конституцияны бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болдук. Натыйжада мыйзамдарды кайрадан иретке келтирүүгө муктаждык жаралууда. Буга утурлай эле мыйзамды демилгелей алган тараптар көбөйүп кетти. Учурда президент, министрлер кабинети, башкы прокурор жана башкалар демилгелөө укугуна ээ. Натыйжада иш майдаланып кетүүдө. Бул өз кезегинде кедергисин тийгизип коюп жатат", — деди Сулайманова.

Ошондой эле ал мыйзамдарды кайра-кайра өзгөртө берүү алардын иштеп кетүүсүнө кепилдик болбой турганын кошумчалады.

15
Белгилер:
Айнура Сулайманова, саясат, коом, мыйзам
Тема боюнча
Төрт кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө

15
(жаңыланган 14:26 18.05.2021)
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков аталган окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү түрдө талап кылынарын айтты.

Медицина жаатында билим алгандар окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө. Натыйжада өлкөдө кадр тартыштыгы жаралып жатат. Бул тууралуу Есенгелди Жолдошбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө
"Медициналык академияга өтүү үчүн ЖРТнын жалпы тестин жана кошумча химия, биология предметтеринен тапшырышы керек. Босого баллы жалпы тестирлөөдөн 110дон, кошумчалар 60тан жогору болушу зарыл. Алар сынакка катышууга мүмкүндүк алышат, ошонун натыйжасында окууга кабыл алынат. Бюджеттик орунга өтүү үчүн жогорку баллды камсыздоо зарыл. Жогорку балл алган абитуриенттердин көбү медициналык академияга тапшырышат. Учурунда 400 баллга чейин жетчү, соңку учурда 350нүн тегерегинде болуп калды. Бул акыркы убакта мектеп окуучуларынын начар билим алып жатканын түшүндүрөт. Ошондой эле өлкөдө медициналык факультеттер ачылып, өз таасирин тийгизип жатат. Медициналык билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн көптүгүнө карабай, пандемия маалында республикада кадр тартыштыгы ачык билинди. Себеби эмгек маянасынын аздыгынан медиктер чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат", — деди Жолдошбеков.

Ошондой эле ал өткөн жылы пандемияга байланыштуу онлайн кабыл алуу колго алынганын кошумчалады.

15
Белгилер:
Есенгелди Жолдошбеков, ЖРТ, абитуриент, медицина
Тема боюнча
ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

0
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

0
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды