Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ысабеков: Салык кодексинин жаңы редакциясы ишкерлердин ишин жеңилдетет

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков
Экономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Салык кодексинин жаңы редакциясы көп карама-каршылыктарды жокко чыгарарын айтты.
Бийлик өлкөнүн салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтырып, салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Ысабеков: Салык кодексинин жаңы редакциясы ишкерлердин ишин жеңилдетет
Анын айтымында, Салык кодексинин жаңы редакциясында үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБ мамлекеттерине экспортту көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
"Азыркы учурда өлкөнүн салык саясаты мамлекеттин динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу заманбап эл аралык бизнес процесстеринин өнүгүү темпин эске алуу менен Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Салык кодекси ишкерлер үчүн абдан маанилүү. Андыктан жаңы редакцияда ишкерлердин ишин жеңилдетүү каралууда. Ишкерлердин көйгөйлүү маселелери топтолуп, карама-каршылыктарды жаратып келген. Алардын ишин текшерүү, талаш маселелерди чечүүдө кыйынчылыктар жаралган. Ал эми бийлик өлкөнүн салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтырууга жана салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБ мамлекеттерине экспортту көбөйтүү мүмкүнчүлүгү да бар", — деди Ысабеков.
Ошондой эле адис салыктык жеңилдиктерди алуу механизмдерин жөнөкөйлөтүү да каралып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0