Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Момунбаева: көргөзмөгө шөкүлөнүн 15тен ашык түрү коюлду

© Sputnik / Асель СыдыковаТарых илимдеринин кандидаты, этнограф, Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери Назира Момунбаева
Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф, Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери Назира Момунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф, Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери Назира Момунбаева Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Шөкүлө" көргөзмөсү ачылганын айтты.
Көргөзмөнүн максаты дээрлик жоголуп кеткен байыркы кыргыз аялдарынын баш кийими — шөкүлөнү калыбына келтирүү болуп саналат. Бул тууралуу Назира Момунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Момунбаева: көргөзмөгө шөкүлөнүн 15тен ашык түрү коюлду
Анын айтымында, көргөзмөгө дизайнерлер Зухра Мукамбетова менен Аида Майташеванын эмгектери, ошондой эле "Тумар" арт-тобунун жана дизайнер Зуура Турдубаеванын автордук баш кийимдери коюлган.
"Шөкүлө" долбоорун "Жаштар демилгеси" кичи гранттар программасынын негизинде "ИСУР" коомдук фондунун колдоосу менен "Улуу Дара" коомдук фондунун жетекчиси Анара Керимбекова ишке ашырып отурат. Долбоорду иштеп чыгууга көптөгөн кесипкөй адистер, изилдөөчүлөр катышты. Курманжан датка музейинин жетекчиси Аида Алымова жана Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директору Бактыгүл Мидинованы белгилеп кетким келет. Алар Кыргызстандын музейлери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, элдик чеберлер, колдонмо искусствонун сүрөтчүлөрү, салттуу билимдердин сактоочуларына жолугуп, сурамжылоо жүргүзүштү. Долбоордун жыйынтыгында альбом чыгарылды. Ал эми дизайнерлер шөкүлөнүн эски тигилишинин формасын алып, кездемелерди реконструкциялап улуттук баш кийимге заманбап, жаңы өң беришти. Ошондой эле зер буюм, кооздуктарга басым жасалды. Алар III-IV кылымдарга таандык. Шөкүлөнүн жалпысынан 15тен ашык түрү коюлган. Негизи аталган баш кийимдин түрлөрү өтө көп. Себеби мурда ар бир уруу жана үй-бүлө кыздарына тиккен баш кийимге өздөрүнө тиешелүү өзгөчүлүктөрдү киргизишкен. Ошол учурда шөкүлө бир гана кызга эмес, урууга, ошол аймакка таандык баш кийим болуп, муундан-муунга өткөн. Азыр Улуттук тарых музейинин фондуна кыргыз аялдарынын баш кийимдеринин уникалдуу буюмдары, XVIII кылымга таандык үч шөкүлө бар. Алар бир кезде советтик этнограф-изилдөөчүлөр Фёдор Фиельструп жана Клавдия Антипина тарабынан чогултулган", — деди Момунбаева.
Этнограф Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде аялдардын улуттук баш кийими шөкүлө темасына арналган көргөзмө 20-апрелден 4-майга чейин уланарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0