Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Жаныбеков: өлкөдөгү жайыттар деградация болууда

38
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков малчылар алыскы жайыттарды аз пайдалангандыгына байланыштуу көйгөйлөр жаралгандыгын айтты.

Айыл жанындагы жайыттарда малды жай, күз мезгилинде аз убакыт гана кармап, алыскы жайлоолорго алып чыгуу керек. Мындай пикирин Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Жаныбеков: өлкөдөгү жайыттар деградация болууда

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча иштер каралат.

"Кыргызстанда жалпы жонунан 9 миллион 40 миң гектар жайыт бар. Бул жагынан алганда абалыбыз башка мамлекеттерге караганда бир топ жакшы. Тилекке каршы, биздеги 1 миллион 725 миң ири мүйүздүү мал, 580 миң баш жылкы, 6 миллион 250 миң баш койдун натыйжалуулугу төмөн. Алар жайыттарга абдан чоң күч келтирип атат. Малды айылдын жанында жаз-күздө аз убакыт гана кармоо керек. Ал эми малдын көбү интенсивдүү жайыттарга барып топтолуп, ал жакты деградация кылууда. Мындай көрүнүш болбошу үчүн жайкысын алыскы жайыттарды колдонуу зарыл. Пайдаланыла турган 3 миллион 200 миң гектар жерибиз бар. Бул маселе боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да сунуштап жатабыз. Ошондо гана интенсивдүү жайлоолорго күч келбей калат", — деди Жаныбеков.

Ошондой эле министр жайлоолорду эс алдыруу максатында жер алмаштыруу процессин жолго салып, жер семирткичтерди чачуу керектигин кошумчалады.

38
Белгилер:
мал, жайлоо, айыл чарба, Аскарбек Жаныбеков
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады

17
(жаңыланган 14:43 18.05.2021)
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова мыйзамды демилгелей алчу тараптардын көптүгү көйгөй жаратарын айтты.

Конституциянын кайра-кайра өзгөрүүсү мыйзамдарга дагы инвентаризация жүргүзүү муктаждыгын жаратууда. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарды инвентаризациялоо 2001-жылы дагы жүргүзүлгөн.

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады
"Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. Ошондон бери ар бир 10 жылда мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп турган. Муну коомчулук туура эле кабыл алуусу зарыл. Себеби жашоо өзгөрүп жатат. Жаңы мамилелер, укук, милдеттер алмашкан сайын мыйзамдарды иретке келтирип туруу керек. Бирок өлкөдө айрым учурларда мыйзамдар атаандаштык менен кабыл алына бергендей сезилет. Майда-чүйдө маселе жаралып калса, ошого карата өзгөртүү, толуктоо киргизиле берет. Чынында мыйзам илимий жактан негизделип, статистикалык маалыматтарга таянып жазылуусу абзел. Аларды ишке ашыра турган жоболор, эрежелер өзгөрүп, ал эми мыйзамдар туруктуу иштеши зарыл. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар мурдагыларга каршы келбеши керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мисалга саясий окуялардан улам Конституцияны бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болдук. Натыйжада мыйзамдарды кайрадан иретке келтирүүгө муктаждык жаралууда. Буга утурлай эле мыйзамды демилгелей алган тараптар көбөйүп кетти. Учурда президент, министрлер кабинети, башкы прокурор жана башкалар демилгелөө укугуна ээ. Натыйжада иш майдаланып кетүүдө. Бул өз кезегинде кедергисин тийгизип коюп жатат", — деди Сулайманова.

Ошондой эле ал мыйзамдарды кайра-кайра өзгөртө берүү алардын иштеп кетүүсүнө кепилдик болбой турганын кошумчалады.

17
Белгилер:
Айнура Сулайманова, саясат, коом, мыйзам
Тема боюнча
Төрт кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө

16
(жаңыланган 14:26 18.05.2021)
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков аталган окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү түрдө талап кылынарын айтты.

Медицина жаатында билим алгандар окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө. Натыйжада өлкөдө кадр тартыштыгы жаралып жатат. Бул тууралуу Есенгелди Жолдошбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө
"Медициналык академияга өтүү үчүн ЖРТнын жалпы тестин жана кошумча химия, биология предметтеринен тапшырышы керек. Босого баллы жалпы тестирлөөдөн 110дон, кошумчалар 60тан жогору болушу зарыл. Алар сынакка катышууга мүмкүндүк алышат, ошонун натыйжасында окууга кабыл алынат. Бюджеттик орунга өтүү үчүн жогорку баллды камсыздоо зарыл. Жогорку балл алган абитуриенттердин көбү медициналык академияга тапшырышат. Учурунда 400 баллга чейин жетчү, соңку учурда 350нүн тегерегинде болуп калды. Бул акыркы убакта мектеп окуучуларынын начар билим алып жатканын түшүндүрөт. Ошондой эле өлкөдө медициналык факультеттер ачылып, өз таасирин тийгизип жатат. Медициналык билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн көптүгүнө карабай, пандемия маалында республикада кадр тартыштыгы ачык билинди. Себеби эмгек маянасынын аздыгынан медиктер чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат", — деди Жолдошбеков.

Ошондой эле ал өткөн жылы пандемияга байланыштуу онлайн кабыл алуу колго алынганын кошумчалады.

16
Белгилер:
Есенгелди Жолдошбеков, ЖРТ, абитуриент, медицина
Тема боюнча
ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

0
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

0
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды