Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карачалов: кыскартылган кызматкер иш тапкыча мекеме айлык төлөөгө милдеттүү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКуруучулар жана курулуш өнөр жайы профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов
Куруучулар жана курулуш өнөр жайы профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Куруучулар жана курулуш өнөр жайы профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов кызматкер кыскартууга кеткен учурда кандай укуктары бар экенин айтып берди.
Азыр мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү оптимизация маселеси көтөрүлүп жатат. Эмгек кодексинен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мыйзамы бар. Анда 40-беренеде кыскартуу же жумуштан кетирүү учурунда эмне кылуу керектиги жазылган. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карачалов: кыскартылган кызматкер иш тапкыча мекеме айлык төлөөгө милдеттүү
Анын айтымында, Эмгек кодексинде жумуш берүүчүнүн демилгеси менен кызматтан алуу каралган, бирок ал иштен бошотулушу жөнүндө кызматкерге эки ай мурун билдирүүгө милдеттүү.
"Биринчиден, кыскаруу боло турган болсо мамлекеттик мекеме кызматкерине ошол тармактагы бөлөк жумушту, ал болбосо төмөнүрөөк кызмат сунуштайт. Бирок ага чейинки кызматтагы орточо маянасынын көлөмү сакталуусу тийиш. Эгерде кызматкер башка кызматта иштебей турган болуп же вакансия чыкпаса, кыскартылат. Мекеме кызматкердин эмгек стажын карап, орточо маянасынын төрттөн бирине көбөйтүп, дем алыш күндөрү үчүн жөлөк пул төлөп берет. Эгерде сиз 20 жыл мамлекеттик мекемеде иштеген болсоңуз, орточо айлык маянага ылайык акыркы 12 айдагы сумма чыгарылып, анын 0,25 пайызы иштеген жылга көбөйтүлөт. Мисалы, 20 жыл эмгектенген киши иштен кыскарган учурда беш айдын маянасын алышы керек. Андан соң жумуштан бошогон адам он күндүн ичинде жумуш издеп жатканы тууралуу иш менен камсыз кылуу кызматына катталышы керек. Мамлекеттик мекеме жумуш тапканча дагы үч ай айлык акы төлөйт", — деди Карачалов.
Ал кетип жаткан кызматкер ошол мекеменин ички резервине жазыларын, вакансия ачылса бош кызматка талапкер болууга укуктуу болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0