Кыргызтаануучу, Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев. Архив

Мураталиев: кыз ала качуу салтка жатпайт

41
Кыргызтаануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев ачуу басар жөрөлгөсү кызды ала качкан убакта гана жасаларын айтты.

Кыз ала качуу салтка жатпайт. Анткени салт деген —  эреже. Кыргыздын жашоосунда мындай эреже болгон эмес. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда коомчулук каада, салт, адат, жөрөлгө деген сөздөрдүн маани-маңызын түшүнбөй калды.

Мураталиев: кыз ала качуу салтка жатпайт
"Кыз ала качууну айрымдар кыргыздын байыркы салты десе, башкалары мындай болгон эмес деп ар түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Мунун баары биз салт эмне, адат эмне экенин билбей калганыбыздан жаралууда. Кызды турмуш куруу үчүн ала качууну салт деп айтууга болбойт, ал — адат. Болгондо да арсар адат десек болот. Анткени салт деген — бул эреже. Кылымдар бою калыптанып, элдин жашоо-турмушуна ылайыкташкан эрежелерди биз салт дейбиз. Ал эми адат деп мезгил-мезгили менен кайталанып турган ишти айтабыз. Жасалган адаттардын аягы кандай болуп бүтөрү күмөн ой жаратышы мүмкүн. Ал ошол учур талабына, андагы адамдардын ой жүгүртүү, жашоо шартына, дагы башка себептерге байланыштуу болот. Ал эми салттын жаманы болбойт. Анткени аны адамдар жылдап отуруп өз жашоосуна ылайыкташтырган мыйзам, эреже да. Башкача айтканда, баланы үйлөнтүүдө кызга сөйкө салуу, колун сурап баруу — бул салт. Ал эми кандай сөйкө салат, кантип колун сурап барат, бул каадага кирип кетет. Каада дегенде ар ким өз каадасына же болбосо алына жараша аткарат. Кыргызда бир гана учурда кызды ала качышкан. Эгер эки жаш арзышып, кыздын көңүлү бар болуп туруп, бирок ата-энеси уруксат бербесе, бала ала качкан. Бирок дароо эле үйүнө алып барып, нике кыйып жар кылып алганга жигиттин туугандары жол берген эмес. Кызды ала качкан соң эркек тараптан атасы, агалары кыздын ата-энесине кулдук уруп, ачуу басарга келишкен. Алардын ачуусун баса алышса, батасын, макулдугун ала алышса гана эки жаш үйлөнүп, той өткөн", — деди Мураталиев.

Кыргызтаануучу кыз берген тарап "кан куда", кыз алган тарап "кул куда" деп аталып калышы да ушундан келип чыкканын кошумчалады.

41
Белгилер:
салт, кыз ала качуу, Мелис Мураталиев
Тема боюнча
Мураталиев: төбөсү түшүрүлгөн калпак — азанын белгиси
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады

17
(жаңыланган 14:43 18.05.2021)
Юстиция министрлигинин Долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова мыйзамды демилгелей алчу тараптардын көптүгү көйгөй жаратарын айтты.

Конституциянын кайра-кайра өзгөрүүсү мыйзамдарга дагы инвентаризация жүргүзүү муктаждыгын жаратууда. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарды инвентаризациялоо 2001-жылы дагы жүргүзүлгөн.

Сулайманова: Конституцияны өзгөртүү мыйзамдарды иреттөө зарылдыгын шарттады
"Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. Ошондон бери ар бир 10 жылда мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп турган. Муну коомчулук туура эле кабыл алуусу зарыл. Себеби жашоо өзгөрүп жатат. Жаңы мамилелер, укук, милдеттер алмашкан сайын мыйзамдарды иретке келтирип туруу керек. Бирок өлкөдө айрым учурларда мыйзамдар атаандаштык менен кабыл алына бергендей сезилет. Майда-чүйдө маселе жаралып калса, ошого карата өзгөртүү, толуктоо киргизиле берет. Чынында мыйзам илимий жактан негизделип, статистикалык маалыматтарга таянып жазылуусу абзел. Аларды ишке ашыра турган жоболор, эрежелер өзгөрүп, ал эми мыйзамдар туруктуу иштеши зарыл. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар мурдагыларга каршы келбеши керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мисалга саясий окуялардан улам Конституцияны бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болдук. Натыйжада мыйзамдарды кайрадан иретке келтирүүгө муктаждык жаралууда. Буга утурлай эле мыйзамды демилгелей алган тараптар көбөйүп кетти. Учурда президент, министрлер кабинети, башкы прокурор жана башкалар демилгелөө укугуна ээ. Натыйжада иш майдаланып кетүүдө. Бул өз кезегинде кедергисин тийгизип коюп жатат", — деди Сулайманова.

Ошондой эле ал мыйзамдарды кайра-кайра өзгөртө берүү алардын иштеп кетүүсүнө кепилдик болбой турганын кошумчалады.

17
Белгилер:
Айнура Сулайманова, саясат, коом, мыйзам
Тема боюнча
Төрт кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө

16
(жаңыланган 14:26 18.05.2021)
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын № 1 дарылоо иши факультетинин деканы Есенгелди Жолдошбеков аталган окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү түрдө талап кылынарын айтты.

Медицина жаатында билим алгандар окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө. Натыйжада өлкөдө кадр тартыштыгы жаралып жатат. Бул тууралуу Есенгелди Жолдошбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.

Жолдошбеков: медиктер окууну бүтүп эле сыртка чыгып кетишүүдө
"Медициналык академияга өтүү үчүн ЖРТнын жалпы тестин жана кошумча химия, биология предметтеринен тапшырышы керек. Босого баллы жалпы тестирлөөдөн 110дон, кошумчалар 60тан жогору болушу зарыл. Алар сынакка катышууга мүмкүндүк алышат, ошонун натыйжасында окууга кабыл алынат. Бюджеттик орунга өтүү үчүн жогорку баллды камсыздоо зарыл. Жогорку балл алган абитуриенттердин көбү медициналык академияга тапшырышат. Учурунда 400 баллга чейин жетчү, соңку учурда 350нүн тегерегинде болуп калды. Бул акыркы убакта мектеп окуучуларынын начар билим алып жатканын түшүндүрөт. Ошондой эле өлкөдө медициналык факультеттер ачылып, өз таасирин тийгизип жатат. Медициналык билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн көптүгүнө карабай, пандемия маалында республикада кадр тартыштыгы ачык билинди. Себеби эмгек маянасынын аздыгынан медиктер чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат", — деди Жолдошбеков.

Ошондой эле ал өткөн жылы пандемияга байланыштуу онлайн кабыл алуу колго алынганын кошумчалады.

16
Белгилер:
Есенгелди Жолдошбеков, ЖРТ, абитуриент, медицина
Тема боюнча
ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

0
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

0
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды