Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Батырбекова: психологиялык травманын ДНКда сакталып калуу жөндөмү бар

© Sputnik / Асел СыдыковаПсихолог центра укрепления семьи "Данакер" Нуриза Батырбекова
Психолог центра укрепления семьи Данакер Нуриза Батырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Психолог Нуриза Батырбекова бала чагында психологиялык травма алып калган адамдар депрессияга көп кабылышы мүмкүндүгүн билдирди.
Адам өзү психологиялык травмадан арылганы менен анын ДНКсында сакталып, кийин балдарына өтүшү ыктымал. Мындай билдирүүнү Нуриза Батырбекова америкалык окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Батырбекова: психологиялык травманын ДНКда сакталып калуу жөндөмү бар
Анын билдиришинче, психологиялык травма көзгө көрүнбөгөндүгү менен кооптуу.
"Психологиялык травмага адамдар бала кезде туш болушат. Тилекке каршы, мезгилдин өтүшү менен ал жаман окуя унутулуп калат, бирок анын кесепети адамда генетикалык деңгээлде сакталып жүрө берет. Бул адам кийин тиешелүү адистерге кайрылып өзүн көп жыл кыйнап келген абалдан арылганы менен, мисалы, кыздар бала төрөгөндө наристесине ДНК аркылуу берилиши ыктымал. Ошондой эле психологиялык травмага кабылып чоңойгон адамдардын иммунитети башкаларга салыштырмалуу начар болору, ичимдик, баңгизат, чылым чегүүгө тартылып кетүү коркунучу катардагы кишилерге караганда жети эсе жогору экени аныкталган. Үйүнөн психологиялык травма алып чоңоюп келе жаткан балдардын мээси өз теңтуштарыныкынан жайыраак өсүшү мүмкүн. Алар сабакты жакшы түшүнө албай окубай койсо, биз, чоңдор, "жалкоо" деп гана маани бербей коебуз. Мындай балдарга педагогдор байкоо жүргүзүп, мектеп психологдоруна көрсөтүп коюшу зарыл ", — деди Батырбекова.
Ал психологиялык травмасы бар адамдардын сөөгү сынган учурда бүтүп калыбына келиши да жай жүрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0