Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов

Эшенгулов: Кошой тоосунун аталышына эпостогу Кошой баатырдын тиешеси жок

38
(жаңыланган 12:42 03.05.2021)
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов "кошой" сөзү кошулуп аталган жер-суу аттарынын келип чыгуу тарыхына токтолду.

Кыргызда экини кош деген. Өзгөчө жер-сууга ат берерде бул сөз көп колдонулган. Таластагы Кошой тоосу да мына ушундай маанини түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: Кошой тоосунун аталышына эпостогу Кошой баатырдын тиешеси жок

Анын айтымында, Үч-Кошой суусу да так эле ушундай маанини туюндурат.

"Таластагы Кошой тоосу же Үч-Кошой суусунун аталышына "Манас" эпосундагы каарман Кошой баатырдын тиешеси жок. Кыргызда экини "кош" деп атаган. Өзгөчө жан-жаныбар, жер-суу аталыштарында ушул вариант колдонулган. Андыктан "кош" жалгыз эмес, жуп дегенди "ой" улам төмөндөп отурган жер рельефин билдирген", — деди Эшенгулов.

Топономист бул аталышты облустагы Көк-Ой айылы да далилдеп турганын кошумчалады.

38
Белгилер:
аталыш, Талас, Темиркул Эшенгулов
Тема боюнча
Топонимист: Таластын тарыхый аталышы "жайылган талаа" дегенди түшүндүрөт
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

72
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

72
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

27
(жаңыланган 14:10 14.05.2021)
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев аталган дарактын пайдалуу жактарын санап берди.

Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу үч эсе бышык болуп, аны мите курт жебейт. Бул тууралуу Эрмек Кубатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

Анын айтымында, павлония климатка жараша бир сезондо үчтөн тогуз метрге чейин өсөт.

"Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу эки эсе жеңил, үч эсе бышык жана бир топ ийилчээк болот. Курамында танин жана павлонин болгондуктан мите курт жебейт. Ошондуктан серфинг үчүн такталар жана яхта, кемелер жасалат. Мындан тышкары, курамында чайыр жок болгондуктан өрткө туруктуу. Алсак, карагай, кадимки жыгач отундар 230-250 градуста жалындап күйсө, павлония 420-430 градуста гана дүркүрөп күйөт. Ысык-Көлдө бир жылкы сөңгөгүн кесип, күйгүзүп көрсө тутанбай койгон экен. Ошондо отунга да жарабайт турбайбы деген пикирге келишкен. Чынында анын табы күч болгондуктан тутантып алып, анан жагыш керек. Натыйжада көмүрдөй эле тап берет. Европада аны био отун катары колдонушат. Павлония Кыргызстандын шартында климатка жараша жаздан күзгө чейин үчтөн тогуз метрге дейре өсө турганы аныкталган. Андан Америкада биоэтанол чыгарганы дагы белгилүү. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө үч жылдан кийин павлония гүлдөгөндө андан бал өндүрүүнү колго алышкан. Натыйжада абдан сапаттуу жана кымбат бал чыгарууга мүмкүндүк бар", — деди Кубатаев.

Ошондой эле ал павлония урукка салыштырмалуу көчөттөн тез өсүп, сапаттуурак боло турганын кошумчалады.

27
Белгилер:
бал, отун, павлония, Эрмек Кубатаев
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу

0
(жаңыланган 22:17 14.05.2021)
Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы тарыхый күндө тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосун сунуштайт.

Коңшу мамлекеттин президенти Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури өз командасы менен Бишкек шаарына 1997-жылдын 13-майында келген. Беш жылдан бери бийлик талашып согушуп 100 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылып, бир миллиондон ашык кишини качырган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев, кыргыз аскер чалгынчылар, дипломаттар, саясатчылар жана тынчтык орнотуучу батальон ортомчу болуп, тажикстандыктардын элдешүүсүнө көмөктөшкөн.

Сүйлөшүүлөр 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталып, үч күнгө созулган. Кыргызстандын борборунда Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол коюлган. Анда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы ордун баса белгилеген.

"Мен баарынан мурда Аскар Акаевич жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Биздин эки эл чек ара менен гана байланышпастан, жүздөгөн жылдардан бери тарыхый, маданий, руханий жактан байланышып келген. Мүмкүн ушундан улам Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөндүр. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.

Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев биздин редакцияга берген маегинде ал процесстер кыйынчылык менен өтүп, Рахмон Нури экөө бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышканын эскерген.

"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок.17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.

Ага чейин каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолуккан, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.

Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде ошол эле жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси баштаган.

0
Белгилер:
видео, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Аскар Акаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео