Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев
Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев өлкө боюнча 16 чакан ГЭС бар экенин маалымдады.
Чакан ГЭСтердин эскилиги эбак жеткен. Маселен, эң жаңы деп эсептелгенине 63 жыл, эскисине 103 жыл болду. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы чоң.
Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду
"Учурда өлкө боюнча 16 чакан ГЭС иш алып барат. Анын тогузу "Чакан ГЭС" ААКга таандык. Калган жетөө жеке ишкерлерге карайт. "Чакан ГЭС" ААКнын станцияларынын эң жаңысына 63 жыл болсо, Аламүдүн суусунда жайгашкан чакан ГЭСтин иштеп жатканына 103 жылдын жүзү болду. Булардын иштөө мөөнөтү эбак эле өтүп кеткен. Кызматкерлердин аракети, оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында гана иштеп жатат. Алардын иши үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик жок. Ошондуктан жаңы кичи ГЭСтерди куруп, эскилерине реконструкция, модернизация иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар. Негизи өлкөнүн чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы жогору. Алсак, жалпысынан 960 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерди куруп, 142,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө болот. Өлкөдө жылдан-жылга электр колдонуулар 5-10 пайызга өсүп, бул тармак кризиске кептелүү коркунучунда турат. Учурда 109 мегаваттык чакан ГЭС куруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Анүчүн ыңгайлуу жерлерди компаниянын балансына алып, инвесторлорду караштыруу колго алынууда", — деди Астапаев.
Ошондой эле ал электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү демилгеси инвесторлордун аталган тармакка кызыгуусун арттырарын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: 
Жаңылыктар түрмөгү
0