Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адис: IT тармагын үйрөнүү жана иш алып баруу үчүн компьютер гана керек

© Sputnik / Табылды КадырбековCodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан аталган тармакта кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк кеңири экенин белгиледи.
IT тармагын үйрөнүү жана бул багытта иш алып баруу үчүн компьютер гана керек. Ошондуктан кыз-эркек дебей иштеп кете алат. Бул тууралуу Динара Руслан Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Адис: IT тармагын үйрөнүү жана иш алып баруу үчүн компьютер гана керек
Анын айтымында, соңку учурда санариптештирүү бардык тармакта өнүгүүдө.
"IT тармагында программалоо, дизайн же долбоордук башкаруу болобу, адам өзү тандап иш алып бара берет. Көбүнчө программалоо жаатына эркектер барып, кыздар долбоорду башкаруу жана дизайн менен алектенишет. Бул мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эмес, жөн гана кыздардын "программалоону жөндөй албайт болушум керек" деген кооптонуусунан болушу ыктымал. Кыргызстанда инфраструктура жок болгондуктан көп мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Мисалы, Өзбекстанда заводдор, фабрикалар бар. Машина, муздаткыч жана башка продукция чыгарылат. Аларды долбоорлоо багытында иштер жүргүзүлөт. Ал эми бизде программалык камсыздоо менен чектелип калышат. Себеби ал үчүн компьютер жана интернет гана керектелет. Ошондуктан бул тармак эч нерседен көз каранды болбой, өз алдынча өнүгүүдө", — деди Динара Руслан.
Ошондой эле ал өлкөдө IT тармагынын кызматтарына буюртмалар көбүнчө жеке ишкерлерден түшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0