Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "кайгуул" деген сөздү туура эмес колдонуп алдык

© Sputnik / Даниил Сулайманов"Көөнө сөз"
Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков чалгын жасагандар "Манас" эпосунда кандай аталарын айтып берди.
Чалгын жасоо, душмандын келчү жолун тосууну кайгуул деп айтса болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Талантбеков: "кайгуул" деген сөздү туура эмес колдонуп алдык
Анын айтымында, учурда бул сөздү коом жолдогу коопсуздукту көзөмөлгө алуу катары түшүнүп калган.
"Манаста" "кайгуул" сөзү душманды чалгындоо, анын келе турган жолун чалуу, тосуу, кабар билүү деген мааниде колдонулат. Учурда ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматын кайгуул деп түшүнүп калдык. Чынында бул сөздүн кеңири мааниси башка. Алсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тышкы чалгындоо бөлүмүн кайгуул кызматы десе туура болот. Анткени аталган кызмат сырттан боло турган идеологиялык, экономикалык жана башка коркунучтардын алдын алуу багытында иш алып барат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу тилдин көркөмдүгүн арттырарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0