Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Юрист сатыкка коюлган үйдүн документтерин кантип текшерсе болорун айтты

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров батир сатып алуудан мурда анын документтерин юридикалык жактан туура экенин кантип билсе болорун айтып берди.
Батир сатып алуудан мурда аны Мамлекеттик каттоо кызматынан текшертип алуу зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Юрист сатыкка коюлган үйдүн документтерин кантип текшерсе болорун айтты
"Турак жай сатып алууда ар кандай оңтойсуз учурларга туш болгондор көп. Ал тургай айрымдар билбестен документтери күмөн жараткан кыймылсыз мүлк сатып алат. Мындай абалга тушукпаш үчүн батирди сатып алуудан мурда анын документтери юридикалык жактан туура экенин тактоо шарт. Ал үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылса болот. Аталган мекеме өз кезегинде сатылып жаткан кыймылсыз мүлк тууралуу сатып жаткан адамга таандык экендиги боюнча маалым кат берет", — деди Бакиров.
Юрист шылуундарга алданып калбаш үчүн бардык документтери так кыймылсыз мүлктү сатып алуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0