Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айтикул уулу: жыл башынан бери Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу аталган кызмат азыркы учурда жөө кайгуул күзөт кызматы менен мамлекеттик авто инспекциясынын бириктирилген милдетин аткарарын айтты.
Бишкек шаардык кайгуул милициясында учурда 761 кызматкер иштесе, анын 40ы аял киши. Акыркы төрт айда 251 кызматкер ишин мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланса, 158 кызматкер ишиндеги кемчиликтери үчүн тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айтикул уулу: биринчи кварталда Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды
Анын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары орнотулбаган көчөлөрдө жол кырсыктары көп катталат.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кайгуул милициясы коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана 102 линиясы аркылуу жарандардан түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды кабыл алып, үч багытта ыкчам чара көрүп жатат. 2021-жылдын башынан тарта Бишкек шаарынын аймагында 841 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 1084 адам жаракат алып, 19 жаран каза тапты. 2020-жылга салыштырмалуу мерт болгондор жети кишиге аз. Андан сырткары, 102 номери аркылуу чакыруулар боюнча үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жайгарып, суук мезгилде подъезд, жылуу суу түтүктөрүндө баш калкалаган үй-жайсыз жарандарды муниципалдык жайга жеткирип жаттык. Ошондой эле өспүрүмдөр аралашкан кылмыш фактылары каралды. Ал эми үстүбүздөгү төрт ай ичинде Кайгуул кызматы тарабынан 111 миң 628 жол эрежисин бузуу фактысы катталды. Терезесин караңгылатып алган, коопсуздук кур тагынбаган жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулун төлөбөгөн айдоочуларга протокол түзүлдү. Аларга жалпы 154 миллион 632 миң 500 сом айып пул салынып, анын ичинен 34 миллион 153 миң 872 сом мамлекеттик бюджетке түштү", — деди Айтикул уулу.
Маалымат кызматынын өкүлү эгер тартип, жол эрежелерин бузуу катталса кайгуул милициянын нөөмөт бөлүмүнүн 0509 102 122 whatsapp номерине фото, видео жөнөтсө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0