Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мирзаматов: анимациянын алты багыты боюнча окутабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаАнимациялык продакшн компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Нурлан Мирзаматов
Анимациялык продакшн компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Нурлан Мирзаматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Жазылуу
Анимациялык продакшн компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Нурлан Мирзаматов аталган ишкананын анимациянын алты багыты боюнча курстары бар экенин айтты.
Аймактардагы балдар менен байланыш түзүп, анимацияны онлайн үйрөнөм, бирок компьютерим жок дегендерге атайын окутуу программасын ачтык. Бул тууралуу Нурлан Мирзаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мирзаматов: анимациянын алты багыты боюнча окутабыз
Анын айтымында, компаниянын YouTube сервисинде каналдарды түзүү, өнүктүрүү жана акча табуу боюнча бекер видео курстары бар.
"Анимациялык компаниянын Lights Academy деген мектеби бар. Анда 2D, 3D анимация, графикалык дизайн, motion design, планшетте сүрөт тартуу, кадрдык анимация жана мобилография багытында билим берилет. Балдарды биздин компанияда иштеп жаткан же иштеп кеткен тажрыйбалуу адистер окутат. Аймактардагы компьютери барлар аралыктан билим алып, соңунда буюртмаларды алып, бизге эле эмес башка компанияларга да продукция жасап берип жатышат. Мобилография, графикалык дизайн, планшетте сүрөт тартуу бир ай, 2D анимация эки ай, ал эми 3D анимация үч ай мөөнөттө окутулат. Мобилография боюнча курс 4-5 миң сом, 2D 8-10 миң, ал эми 3D анимация 12 миң сом турат. Региондордогу онлайн үйрөнөм, бирок компьютерим жок деген балдарга атайын окутуу программасын түздүк. Алсак, окуучу тандоодон өтүп, бул ишти алып кете аларына көзүбүз жетсе, микрофинансылык компания менен сүйлөшүп, жабдык, интернет менен камсыздалат дагы адис кийин иштеп баштаганда бир жылдын ичинде бөлүп төлөп кутулат", — деди Мирзаматов.
Ишкер азыр моделдөө жана риггинг (объектилерди башкаруунун ар кандай тутумдарын түзүү) боюнча курска суроо-талап анча чоң эмес экенин, татаал багыт болгондуктан окутуу курсу кийинчерээк ачыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0