Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбеталиева: чет өлкөдөн вакцина алган туристтер келе баштады

© Sputnik / Асылбек БактыбековТуризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева учурда өлкөдө туризм акырындан жанданып, көбүнесе вакцина алган саякатчылар келе баштаганын билдирди.
Былтыр сырткы туризм такыр токтоп калса, быйыл вакцина алгандар, ооруп айыккандар жана санитардык нормаларды жакшы сактагандар келе баштады. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Мамбеталиева: чет өлкөдөн вакцина алган туристтер келе баштады
Анын айтымында, пандемияга карабастан Кыргызстан туризм үчүн ачык.
"Туризм тармагы пандемияга байланыштуу абдан жабыр тартты. Өткөн жайда өлкөгө сырттан туристтер келген эмес. Быйыл акырындап көбөйө баштады. Алар — вакцина алып, санитардык нормаларды сактап жана ооруп сакайгандар. Адамдар эки жылга чукул карантиндик абалда отуруп, ар кандай стресске туш болду. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн саякаттоо эң мыкты жол болуп саналат. Соңку учурда активдүү жаштар көбөйдү. Учурда туристтердин ПЦР-тест тапшырып өлкөгө кире берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Тилеке каршы, бул жаатта бир топ көйгөйлөр чыгууда. Ошол эле авиакаттамдар менен учуп келүү кымбат болуп жатат. Көп өлкөлөрдөн түз рейс жоктугуна байланыштуу туристтер Түркия же Россия аркылуу келүүгө мажбур. Мындан тышкары, маркетинг жаатында аксап жатабыз. Ушул багыттарда аракет көрүү зарыл. Экологиялык, тоо туризми жана Жибек Жолундагы өлкө катары өзүбүздү көрсөтүүбүз керек. Чындап алганда өлкөнүн туристтик потенциалы абдан эле чоң. Бул жакка келип кайра кетип жаткан туристтердин арасында сурамжылоо жүргүзгөндө табияттын кооздугун, элдин меймандостугун баалашат", — деди Мамбеталиева.
Ошондой эле ал туристтер көбүнчө аймактарды, ал жактагы карапайым калкты көрүүнү каалай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0