Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алакунов: пестициддердин 85 пайызы Кытайдан алып келинет

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл, токой жана суу чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов
Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов жакынкы учурда айыл чарбасын органикага өткөрүү мүмкүн эместигин белгиледи.
Өлкөдө жылына 600 тоннанын тегерегинде пестицид колдонулат. Мунун баарын камсыздоого мүмкүндүк бар. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пестициддер толугу менен сырттан импорттолуп, анын 85 пайызы Кытайдан келет.
Алакунов: пестициддердин 85 пайызы Кытайдан алып келинет
"Дүйнөдө отоо чөп, зыянкеч курт-кумурскалар жана ар кандай илдеттерден улам түшүмдүн 25 пайызы алынбай келет. Башкача айтканда, ар бир төртүнчү дыйкан отоо чөптөрдү багат. Ошондуктан өсүмдүктөрдү коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Отоо чөптөр кадимки өсүмдүктөрдүн атаандашы. Мындан улам аларга каршы 20-жылдардан тарта химикат колдонула баштаган. Отоо чөптөргө каршы гербициддер, зыянкеч курт-кумурскаларга инсектициддер жана козу карын илдеттеринен коргонууга фунгициддер колдонулат. Мунун баары жалпылап пестициддер деп аталат. Учурда өлкөдө пестициддерге болгон талап жылына 600 тоннанын тегерегинде болсо, аны толугу менен камсыздоого мүмкүндүк бар. Кыргызстандан пестициддер чыгарылбайт, мындан улам 100 пайыз сырттан импорттолот. Алардын 85 пайызы Кытайдан, 10 пайызы Россиядан, беш пайызы Европадан жана Түркиядан алып келинүүдө", — деди Алакунов.
Ошондой эле ал агро-химикаттарды ашыкча колдонуу зыян экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0