Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев

Сарыбаев: Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу кооптуу

30
(жаңыланган 14:34 18.05.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев өлкөдө мерчемделип жаткан мамлекеттик мүлктү приватташтыруу өз максатына жетери күмөн жаратарын белгиледи.

Коррупция тамырын кеңири жайган Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу кооптуу. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени коррупционерлер же приватташтыруунун максатын жана келечегин билбегендер көтөрүп жатышы ыктымал.

Сарыбаев: Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу кооптуу
"Кыргызстандагы бүлүнүү, талкалануу жана коррупцияга малынуу дал ушул менчиктештирүүдөн башталган. Мамлекеттик мүлк — жалпы элдики деген түшүнүк. Андыктан "мамлекеттики болсо бизге кереги жок, талкалаш керек" деген туура эмес. Аларды курууга эмгек кеткен, карапайым жарандар төлөгөн салыктын эсебинен каражат жумшалган. Мамлекеттин карамагындагы мүлк объективдүү себептер менен рыноктун талабына жооп бере албай, пайданын ордуна чыгашага дуушар болсо приватташтыруу жүргүзсө болот. Баасын түшүрүп туруп сатып жиберүү же бөлүп алуу эмес, анын атайын жолдору бар. Эгерде мамлекеттик ишкана капиталдык салымдарды, инвестицияны талап кылса, бул кадамга барса болот. Ошондо дагы өзүнүн профилин өзгөртпөйт. Чыгарып жаткан продукциясы чыгарыла берет. Кыргызстанда мындай тажрыйба колдонулган жок. Тескерисинче, мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алышып, мончо, саунага айландырып, профилдерин өзгөртүп салышат. Дагы бир жагдай, ишкана менчикке берилип жаткандагы шарттар аткарылбаса ал мамлекетке кайтарылып алынышы шарт. Биздин өлкөдө бир дагы мамлекеттик мүлк кайра алынган жок. Ошондуктан коррупция кеңири тамырын жайган Кыргызстанда мындай кадамга баруу кооптуу маселе. Бир болсо муну коррупционерлер же приватташтыруунун маани-маңызын, максатын билбегендер көтөрүп жатат. Учурда коомдо билим деңгээли төмөндөдү, кадрлар жок, криминал күч алды деген кептер айтылууда. Ушундай өлкөдө приватташтыруу туура жүрүшү мүмкүнбү деген суроо жаралат", — деди Сарыбаев.

Экономист приватташтырууну жүргүзүү үчүн мурда менчикке берилген мүлктөрдү инвентаризация жасоо зарыл экендигин кошумчалады.

30
Белгилер:
Айылчы Сарыбаев, экономика, мүлк
Тема боюнча
Кыргызстанда кайрадан башталчу менчиктештирүү кандайча ишке ашат. Шарты
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

3
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

3
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт
Рубрика радио Sputnik Кыргызстан Көөнө сөз

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

15
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

"Манас" эпосунда фонтанды түшүндүргөн "оргума" деген көөнө сөз бар. Аны учурда күнүмдүк турмушта колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

Анын айтымында, "Манас" эпосунда көптөгөн көөнө сөз кездешет.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Күндөлүк турмушта колдонулуп келген фонтан деген маанини түшүндүргөн сөз "Манаста" барбы деген суроо жаралат. Адатта фонтан сөзү бизге тыштан кирип, биздин тарыхта кездешпегендей кабылданып калууда. "Манас" эпосунда фонтан "оргума" же "оргу" деп айтылган. Бул сөз атырылып чыгуу, оргуштоо, уюлгуу, уюлгуп көтөрүлүү деген маанини түшүндүрөт. Эпосто "оргумасы оргуштап калаа көркү өсүптүр" деген саптар Сагынбай Орозбаковдун вариантында кездешет. Муну бүгүнкү турмушта да колдонууга мүмкүн. Анткени учурда шаарларда оргумалар, башкача айтканда, фонтандар арбын", — деди Талантбеков.

Ал ошондой эле көөнө сөздөрдү колдонуп тилди байытууга болорун кошумчалады.

15
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан, көөнө сөз
Тема боюнча
Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет